Ататүрк паркындагы жер участогу. Сүрөт: «Клооп» үчүн тарткан Светлана Зеленская

Жакында «Клооп» Бишкек мэриясы калаанын Ататүрк атындагы парктын ири жер тилкелерин мамкызматкерлердин, судьялардын жана башка таасирлүү адамдардын колуна кантип узак жылдар бою таратып келгени жөнүндө иликтөө чыгарган.

Мурдараак биз сейил бактын жерлерине ээлик кылган жеке ишкер жана депутаттар тууралуу айтып бергенбиз. Бул материал болсо Ататүрк паркынан жер алган учурдагы жана мурдагы мамкызматкерлер жөнүндө.

Вице-премьер-министр

Алтынай Өмүрбекова 2018-жылы Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган. 2006-жылы Өмүрбековага жана күйөөсү Нурлан Тургунбаевге, экөөнө тең удаа бир күндө жер тилкеси берилген. Ал учурда Өмүрбекова ишкерлик менен алектенип жүрчү, ал эми күйөөсү Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө иштеп турган.

Өмүрбекова күйөөсү экөө жерлерин 2012-жылы сатып салышкан. Журналисттер Өмүрбекованын күйөөсүнүн жерин сатып алган адам тууралуу маалыматты таба алышкан жок. Бирок ошентсе да алар Өмүрбекова өз жерин Жанара Сейдакматовага сатканын аныкташкан. Сейдакматова Бишкектин учурдагы мэри Азиз Суракматовдун жеңеси менен биргеликте «Emba-Wood-KG» курулуш фирмасына ээлик кылат.

Учурда сатылып кеткен участоктун экөөсү тең эч нерсе курулубай ээн турат.

«Биз ал учурда Октябрь районунда жашачубуз, анан Октябрь райондук администрациясына арыз тапшырганбыз. 2006-жылы, көп болду. Эгер чынын айтсам, толук деле эсимде жок. Ал кезде бийликке караштуу ыйгарымдарым жок болчу, арыз бергенге чейин, өзүм да, күйөөм да бекер жер алган эмеспиз», — деди Өмүрбекова журналисттерге.

Архитектура боюнча мамкомитеттин экс-башчысы

Анваржан Турсунов узак жылдар бою мамкызматта иштеп, атүгүл «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген наам да алган. Учурда ал Кыргыз-орус славян университетинде архитектуранын профессору болуп иштеп жатат.

Турсунов Ататүрк паркындагы участокту 2002-жылы бекер алган — ошол убакта ал шаардагы курулуштарга жооп берген мамкомитетти жетектеп турган. Кийинчерээк профессор алган участокто бассейни бар эки кабаттуу үй пайда болгон, аны Турсунов кийин балдарына белекке берген.

Турсунов журналисттерге бекер участок алганын ырастаган. Анын айтымында, үйдүн курулушуна жумшаган 40 миң долларды өз эмгеги менен иштеп тапкан.

Мурдагы элчи

Турсунбай Бакир уулу мэриядан Ататүрк атындагы паркындагы жерди 2004-жылы алган. Ошол убакта ал акыйкатчы болчу. Бакир уулу өз эмгек жолунда парламенттин үч чакырылышынын депутаты болуп, ошондой эле бир аз убакыт Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген.

Бакир уулу журналистке курган маегинде, «жери жок, үй-жайсыз» болгондуктан, 2004-жылы мэриядан ага жер бөлүп берүүнү өтүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, ошол убакта ал Бишкектеги кызматтык батирде жашаган.

«Мага парктан участок беришкен. Бирок ушул чуунун баары көтөрүлгөндөн кийин (парктагы жерлерди таратууга каршы коомдук нааразычылыктар) участокто эч нерсе курбоону чечкем. Бир нече убакыттан кийин аны сатып жибергем», — деп айтып берген Бакир уулу.

Мурдагы финансы министри

Болот Абилдаев Ататүрк паркындагы жерди 2004-жылы, финансы министрлигин жетектеп турганда алган. Ал 2005-жылы бул кызматтан кетип, кийинки жылы «Газпром нефть Азия» компаниясына өтүп кеткен.

Журналисттер Абилдаев 2011-жылы өзүнүн жер участогун өтө арзан баада сатканын аныкташкан — болгону 29 миң АКШ долларына.

Жер тилкеси азыр да бош турат. Анын жаңы ээси алгач жерди 150 долларга сатыкка коюп, андан кийин баасын 115 миң долларга чейин түшүргөн.

Абилдаев журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.

Парламенттин мурдагы спикери

Медеткан Шеримкулов эмгек жолунда Жогорку Кеңештин спикери да, Кыргызстандын Түркия жана Ирандагы элчиси болуп да иштөөгө үлгүргөн.

Мэрия ага 2004-жылы Ататүрк паркынан жер тилкесин бөлүп берип, арадан эки жылдан соң ал жерин сатып жиберген. Жердин учурдагы ээси ал жакта 2014-жылы үй кура баштаганы менен курулушу дагы деле бүтпөй турат.

Шеримкулов сейил бактан жер алганына байланыштуу эч кандай комментарий берген жок.

Материалдын автору: Рустам Халимов