Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти

Алмазбек Атамбаев сотто. Сүрөт: Адил Турдукулов

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, коргоп жаткан адамы Биринчи май райондук сотуна коштомо күзөт менен мажбурланып алынып келинген.

Биринчи май райсоту маалымдагандай, сот отурумунда Атамбаевге гана каршы эмес, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, профессор Абдухалим Раимжанов жана ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыкбек Качкыналиевге да каршы иштер каралууда.

Алардын бардыгы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча айыпталып жатышат. Сот «жашыруун» тартипте өтүп жатат. Кийинки отурум 6-декабрга дайындалды.

Атамбаев буга чейин иштин алдын ала укутурууларга келүүдөн жана УКМКнын тергөө абагындагы камерасынан чыгуудан баш тартып жаткан. Ошондуктан аны күчтөп алып келишкен.

Бул УКМК айыпталуучуларды мажбурлап сотко алып келип жаткан биринчи эле учур эмес. Сентябрдын аягында күч кызматкерлери мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковду да сотко күчтөп алып келишкен — ал ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айыпталууда.

Батукаевдин иши

Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу тергөөнү 2019-жылы жазында жандандырган. Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу маалым каттын негизинде бошотулуп, андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы айып тагууга себеп болуп, анын кол тийбестиктен ажыратуу менен камалышына алып келген.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат, алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок ал бул чакыруулардын үчөөсүн тең этибарга албай, тергөөчү менен жолугушууга келген эмес.

Натыйжада августтун башында күч органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таштагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин бийликтин колуна түшүп берген. Атайын операциянын учурунда бир спецназчы каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта.