МККнын башчысы мыйзамсыз паспорттор боюнча суроого «факт беришсин» деп жооп узатты

Жокорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Алмаз Мамбетовго суроо узатып жатып мыйзамсыз берилген паспорттор Орусия полициясынын базасында жарактуу болуп чыгып аткандыгы тууралуу айтып берди.

«Өзбекстандан келген мигранттар, ошол жерде сатып жатышат, жарнамалап. Эгерде [паспортту сатып алган жаран] кылмыш ишин жасап, милицияга түшүп калганда, ал жаран Сузак же дагы башка жактан алгандыгы аныкталып жатат. Эмнегедир Сузактан да көп экен. Кийин текшергенде ПИН бардыгы туура чыгып жатат: жасалма паспорт эмес деп. Эмне кылып жатасыңар бөгөт коюу боюнча?», — деп суроо салды Касымалиева.

Алмаз Мамбетов биометрикалык маалыматтарды тапшырмайынча, жаңы үлгүдөгү паспортту алуу мүмкүн эмес экенин айтты.

«Өзүңөр билгендей, 1994-жылы биринчи мамлекеттик үлгүдөгү паспорттор кирген. Ал паспорттор 2005-жылга чейин берилген. Инструкция боюнча эски [1994-жылкы] паспортторду жаңы [2005-жылкы] паспортко алмаштырыш үчүн кошумча эч кандай документ сурабашыбыз керек эле. Азыр [жаңы үлгүдөгү] паспортту киши өзү келип биометрикасын бермейинче ала лбайт. [...] Фактылар болсо алып келсин да бизге», — деп жооп берди Мамбетов.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2019-жылы 36 мыйзамсыз паспорт берүү фактысы катталган. Белгилүү фактылардын бири — бул Айэркен Саймаитиге Эркин Самятовдун атына жасалма паспорт берүү. Саймаити — «Азаттык» үналгысынын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндөгү фигуранттардын бири. Ал Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрь күнү атып өлтүрүлгөн.

Кийинчерээк ага паспорт Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ММКнын бөлүмүндө берилгени белгилүү болгон. Ал бөлүмдүн улук адисине «паспортту мыйзамсыз берүү», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча айып тагылган.

Бирок, Сузак райондук соту иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу улук адиске карата соттук өндүрүш ишин өз токтому менен токтоткон.