ИИМ: 2019-жылдын башынан бери МКК 36 жасалма паспорт берген

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2019-жылдын башынан тарта 36 жасалма паспорт берген. Милиция сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Материал жарык көрөөр алдында МКК менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Мурдараак Башкы прокуратура кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаитиге жасалма паспорт берүү тууралуу ишти сотко өткөрүп берген. Саймаити «Азаттык» үналгысынын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн фигуранты болгон, аны 10-ноябрда Стамбулда атып кетишкен.

Саймаити Түркияда мыйзамсыз берилген кыргыз ID картасын жана Эркин Саятовдун атына берилген чет мамлекеттик паспортун колдонгон.

Документ ага Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бөлүмүндө берилген. Бөлүмдүн алдыңкы адисти «мыйзамсыз паспорт берүү», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «документтерди жасалмалоо» үчүн айып тагылды.