Ноокаттын тургундары милиционерлерге имарат куруп беришти

Материал саат 16.35те жаңыртылды.

Ноокат районунун Жар-Коргон айылында жеке ишкер Закир Исаков жана айылдын жаштары 14-декабрда аймактык милиция пунктуна жаңы имарат белек кылышты. Ишкер Исаков өзүнө таандык болгон 32 чарчы метр курулушту берсе, ал эми жаштар аны ондоп-түзөөдөн өткөрүп, эмеректерин коюп беришкен.

Кайрымдуулук кылган жаштардын бири Расулбек Абылкасымовдун айтымында, эски курулушту оңдоого 130 миң жумшалып 15 күн кеткен.

Мындан сырткары Абылкасымов каражат айылдын өнүгүшүнө салым кошуу максатында топтошконун кошумчалады.

Райондун Жаңы-Базар аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкери, милициянын кенже лейтенанты Сагынбек Абдураманов «Клоопко» буга чейин Жар-Коргон айылында элди кабыл ала турган милициянын таяныч пункту жок болгонун билдирди.

«Ишкер дүкөн кылып иштетем деген имаратын бергенден кийин 12 баладан турган жаштар аны оңдоп беришти. Учурда анда өспүрүмдөр менен иш алып баруучу милиция кызматкери жана мен отурам. Мурун айылга Жаңы-Базардан келип иштечүбүз» — деп түшүндүрдү кенже лейтенант.

Абдураманов кабарлагандай, жаңы ишке кирген милициянын таяныч пункту коомдук тартипти сактоого ынгайлуу жерде жайгашты. Ал айылдык орто мектеп, китепкана, соода түйүндөрү жана автоунаалардын жолу кесилишкен жерден орун алган.