Материал 15:52де жаңыртылды.

Социалдык тармактарда 16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылына чектеш такталбаган аймакта эл чогулуп турганы тартылган сүрөт тараган. Анда аймак «тынч эмес» болгону жазылган. Кыргызстандын чек ара кызматынан эртеси күнү ошол эле жерде Тажикстандын белгисиз жарандары кыргызстандыкты сабап коюшканын билдиришкен. Ал облустук ооруканага кайрылып медициналык жардам алганы кабарланган.

Мындан улам эки өлкөнүн 200дөй тургуну чогулуп кайым айтышуу орун алган. Көп өтпөй ал таш ыргытууга айланган. Жаңжал чек ара кызматтардын өкүлдөрүнүн, облустук администрациянын башчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана жайгарылган. Алдын ала маалыматтар боюнча таш ыргытуудан эч ким жабыр тарткан эмес.

Абалды турукташтыруу үчүн аймакка чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев учуп барган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 18-декабрда саат 11:30 чамасында эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланган.

Ал учурда Тажикистан тараптан белгисиз жарандар кыргызстандыктарды көздөй таш атып баштаган. Кыргызстандын жарандары жооп кайтарып, тажикстандыктарга караштуу эки унаанын алдыңкы терезелери сынган. Арадан 20 мүнөттөй убакыт өткөндөн соң тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын ИИМинин кызматкери колуна жана бутуна жаракат алган. Учурда ал кызматкерге Баткен облусттук ооруканасында операция жасалууда.

Ошондой эле Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты октон жарадар болгон. Мындан тышкары, чыр-чатактан Кыргызстан тараптан 4 адам жаракат алды — алардын үчөөсү ИИМ кызматкерлери.

Андан кийин сүйлөшүүлөр бир нече саатка токтотулган. Учурда сүйлөшүүлөр кайрадан уланып жатат. Ошол эле маалда тараптар чек арага чектеш жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

«Озоди» үналгысы Тажикстандын Исфара районундагы жашыруун булагына таянтып «кыргыз айылынын тургундары кокусунан Кырызстандын аймагына кирип кеткен тажикстандык мектеп окуучуларын сабап коюшканын, ошондон улам кайым айтышуу орун алып ал таш ыргытууга аланып кеткенин» жазып чыкты. Жыйынтыгында окуучу Умедджон Сафаров жана айылдык мечиттин имамы Содикбой Набиев жабыркананы кабарланууда. Тажик бийлиги да бул маалыматты тастыктаган.

«Дарыгерлердин маалыматы боюнча окуучу сабалгандыктан жаракат алган, ал эми имамга таш тийген. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда. Тажикстандын чек ара кызматы жана башка расмий органдар жаңжал боюнча азырынча комментарий бере элек», — деп жазат басылма.

Чек арага жакын аймакта байма-бай чыр чыгып турат. Аларга тосмолорду куруу, асаба орнотуу же жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан турмуштук жаңжалдар себеп болот. Бирок эң негизги себеп — бул Кыргызстан менен Тажикистандын ортосунда дагы деле такталбаган жер тилкелер бар. Эки өлкөнүн башчылары буга чейинки жаңжалдан соң жолугушуп, бул маселени чечүүнү убадалашкан. Бирок азыркы учурда маселе дагы деле чечиле элек. Сентябрда болгон жаңжалда 4 адам каза тапкан — бир кыргызстандык жана үч тажикистандык.