Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам кыргыз аскери жарадар болду

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер жарадар болгонун ырастады.

Тажикистан тараптан атылган ок кыргыз аскеринин колуна жана бутуна тийген. 24.kg маалымат агенттиги мындан сырткары башына жана колуна жаракат алган дагы эки жарадар адам жөнүндө маалымдаган.

Бирок чек ара кызматы азырынча бул маалыматты ырастай алган жок жана кырдаалды аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Анткени менен ведомство 17-декабрь күнү бир кыргызстандыктын сабалганын, ал ооруканага жеткирилгенин ырастап берди.

Окуя болгон жерге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев учуп кетти. Ал Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлү генерал-майор Хикматулло Пираков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алар чек арадагы чырдын ырбап кетпеши үчүн биргелишкен иш-чараларды жүргүзүү кажет экенин белгилешкен.

Чек ара аймагындагы кезектеги жаңжал тууралуу 16-декабрь күнү эле белгилүү болгон. Анда ага Дахма жеринде тажик тарап коюп жаткан дубал себеп болгон. Натыйжада ал дубал алынган.

Эртеси күнү бир кыргызстандык Көк-Таш айылында ур-токмокко алынган. Бүгүн ошол эле жерде эки өлкөнүн тургундары бири-бирине таш ыргытып жаңжал уланган.

Чек арага жакын аймакта байма-бай чыр чыгып турат. Аларга тосмолорду куруу, асаба орнотуу же жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан турмуштук жаңжалдар себеп болот. Бирок эң негизги себеп — бул Кыргызстан менен Тажикистандын ортосунда дагы деле такталбаган жер тилкелер бар. Эки өлкөнүн башчылары буга чейинки жаңжалдан соң жолугушуп, бул маселени чечүүнү убадалашкан. Бирок азыркы учурда маселе дагы деле чечиле элек. Сентябрда болгон жаңжалда 4 адам каза тапкан — бир кыргызстандык жана үч тажикистандык.