Тажикстандын жарандары такталбаган аймакта кыргызстандыкты сабап кетишти — Кыргызстандын чек ара кызматы

Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын такталбаган тилке. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңжал 17-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылынан өткөн шарттуу тилкеде болгон. Абалды турукташтыруу үчүн аймакка чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев учуп кетти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Тажикстандын белгисиз жарандары кыргызстандыкты ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилип медициналык жардам алган.

«Саат таңкы 9:30да эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда кайым айтышуу болуп ал жаңжалга айланган. Жыйынтыгында Кыргызстандан 80 жана Тажикстандан 100 адам чогулуп бири-бирине таш ыргытышкан», — деп кабарлашты чек ара кызматынан.

Жаңжал чек ара кызматтардын өкүлдөрүнүн, облустук администрациянын башчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана жайгарылган. Алдын ала маалыматтар боюнча таш ыргытуудан эч ким жабыр тарткан эмес.

Ошондой эле Алимбаев жана Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматынын башысынын биринчи орун басары, генерал-майор Хикматулло Пираков, телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анда алар чырдын ырбап кетпеши үчүн биргелишкен иш-чараларды кылуу кажет болгонун белгилешкен.