Кыргыз-тажик чек арасында абал «туруктуу» — Кыргызстандын чек ара кызматы

Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын такталбаган тилке. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Материал саат 14:10до жаңыртылды.

Кыргызстандын чек ара кызматынан саат 11:30да Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал «туруктуу» экенин билдиришти. Ведомстводон кабарлашкандай, жаңжалдын чыгышына 16-декабрда такталбаган аймакта тосмонун орнотулушу себеп болгон.

Ал күнү Кыргызстандын чек ара кызматы чыр жайгарылганын кабарлаган. Бирок эртеси күнү ведомстводон Тажикстандын белгисиз жарандары Баткен районунун Көк-Таш айылына чектеш такталбаган аймакта кыргызстандыкты сабап коюшканын билдиришкен. Ал облустук ооруканага жеткирилген.

Мындан улам эки өлкөнүн 200дөй тургуну чогулуп кайым айтышуу орун алган. Көп өтпөй ал таш ыргытууга айланган. Абалды турукташтыруу үчүн аймакка чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев учуп барган. Чек ара кызматтан билдиришкендей, 18-декабрда саат 11:30 чамасында эки тараптуу сүйлөшүүлөр маалында Тажикистан тараптан белгисиз жарандар кыргызстандыктарды көздөй таш атып баштаган.

Кыргызстандын жарандары жооп кайтарып, тажикстандыктарга караштуу эки унаанын алдыңкы терезелери сынган. Арадан 20 мүнөттөй убакыт өткөндөн соң тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын ИИМинин кызматкери колуна жана бутуна жаракат алган. Ошондой эле Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты октон жарадар болгон. Мындан тышкары, чыр-чатактан Кыргызстан тараптан 4 адам жаракат алды — алардын үчөөсү ИИМ кызматкерлери. Жабырлануучулардын абалы «канааттандырарлык» деп бааланууда.

Тажикстандын версиясы

«Озоди» үналгысы Тажикстандын Исфара районундагы жашыруун булагына таянтып «кыргыз айылынын тургундары кокусунан Кырызстандын аймагына кирип кеткен тажикстандык мектеп окуучуларын сабап коюшканын» жазып чыкты. Жыйынтыгында окуучу Умедджон Сафаров ооруканага жеткирилген. 

Мындан улам 17-декабрда эки элдин ортосунда кайым айтышуу орун алып ал таш ыргытууга айланып кеткен. Жаңжалдан айылдык мечиттин имамы Содикбой Набиев жабыркаганы кабарланууда. Ошондой эле «Озоди» Исфара шаарынын администрациясынын өкүлүнө таянуу менен Кыргызстандын чек ара кызматы окуучу Умедджон Сафаровдун сабалганына көңүл кош мамиле жасаганын кабарлады.

«Чорку айылынын тургундары чырга кийлигишип сабаган өспүрүмдү жерге жыгытышканда кыргыз чек арачылары Тажикстандын жарандарына ок чыгарышкан. Буга жооп катары тажик чек арачылары да ок чыгарышты, мындан кийин кыргыз аскерлери ок атууну токтотушту», — деп анын сөзүн келтирет тажик басылма.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

18-декабрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталбаган аймакта Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары тарабынан орнотулган тосмо дубалдарын алуу боюнча чечим кабыл алынган. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматынанан коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшкөнүн жана Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышканын кошумчалашты.

Чек арага жакын аймакта байма-бай чыр чыгып турат. Аларга тосмолорду куруу, асаба орнотуу же жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан турмуштук жаңжалдар себеп болот. Бирок эң негизги себеп — бул Кыргызстан менен Тажикистандын ортосунда дагы деле такталбаган жер тилкелер бар. Эки өлкөнүн башчылары буга чейинки жаңжалдан соң жолугушуп, бул маселени чечүүнү убадалашкан. Бирок азыркы учурда маселе дагы деле чечиле элек. Сентябрда болгон жаңжалда 4 адам каза тапкан — бир кыргызстандык жана үч тажикистандык.