Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүнүн жолуна жаңы асфальт төшөлдү. Жолдун ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, мэр Таалайбек Сарыбашов жана шаар тургундары катышты.

Өкмөт башчысы калаанын тургундарын куттуктап, «жолдор Кыргызстан экономикасынын күзгүсү» деп билдирди.

«Статистикага ылайык 1991-жылдан баштап 2010-жылга чейин бизде 611 километр жол салыныптыр. Быйыл, 2019-жылы, 708 километр жол салып жатабыз. Анын ичинде 418 километри асфальт жол», — деди Абылгазиев.

Узундугу 2,4 километр болгон Шакиров көчөсүнүн жолу 2019-жылдын июлунан баштап реконструкция үчүн жабылган. Төрт айдын ичинде бүткөрүлөт делген жол бир ай кечигүү менен пайдаланууга берилди.

Бул көчөнүн жолуну кеңейтүү жана оңдоого жалпысынан 70 миллионго жакын каражат бөлүнгөн. Оңдоо иштерин «ТАС и Ко» ЖЧКсы аткарган.
                                                                                                                                                                          Ош шаардык мэриясы жолду кеңейтүү үчүн 500дөй бак-даракты кыйып, бирок алардын ордуна жаңылары отургузулат деп ишендирген. Бирок адистердин айтымында, жаңы олтургузулган көчөттөр кыйылган бак-дарактардын ордун толтура албайт.