Ош: Шакиров көчөсүндө оңдоо иштери бүтпөй атканы ишкерлерди нааразы кылууда

Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүнүн жолу 2019-жылдын июлунан баштап реконструкция үчүн жабылган. Төрт айдын ичинде, башкача айтканда, 17-ноябрга чейин бүткөрүлөт делген жол айдын аягы болсо да пайдаланууга берилбей жатат.

Жолдун боюнда соода-сатык менен күн көргөн жарандар, жол 4 жарым айдан бери толук кандуу пайдаланууга берилбей жаткандыктан, иштери токтоп калганына нааразы болушууда.

«Менин автоунаа жуучу жайым такыр киреше алып келбейт азыр. Ошентсе да салык төлөөгө мажбурмун. Жол оңдолгону жакшы, бирок мөөнөтүнөн кечиккени, жумушубуздун токтоп турганы биз үчүн оор болуп турат», — дейт жеке ишкер Шахобидин Жоробаев.

Жол оңдоо жумушун аткарып жаткан «ТасиКо» компаниясынын өкүлү Айбек Залов иш учурунда кыйынчылыктарга учураганын айтат. Анын айтымында, реконструкция башталган учурда жолдун алдындагы канализация жана суу түтүктөрү жарылып, аларды алмаштырууга андан тышкары, электр мамыларын жылдырууга туура келген.

«Туура эмес жайгашкан электр мамычаларын алмаштырууга, ал тургай жылдырууга мажбур болгон учурлар болду. “ОшЭлектро” жана “Ош шаардык суу канал” ишканалары менен чогу иштеп, көйгөйлөрдү чогу чечип жаттык», — деп түшүндүрдү Залов.

Ал 2 км 400 метрден турган негизги жолду бүтүрүп, пайдаланууга берүү үчүн дагы бир айга чукул убакыт керектигин кошумчалады.

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов «Клоопко» жол 10 күндүн ичинде ачылаарын кабарлады.

Ош шаардык мэриясы тарабынан Шакиров көчөсүн оңдоо үчүн 70 млн сом каражат бөлүнгөн. Узундугу 2,5 километрди түзгөн жолдун туурасы 20 метрге чейин кеңейтилээри пландалган.