Ош шаарында жолдорду кеңейтүү үчүн 600дөй бак-дарак кыйылат

Иллюстративдик сүрөт

Ош мэриясы жолдорду кеңейтүү максатында Аскар Шакиров көчөсүндөгү 489 жана облустук балдар ооруканасынын айланасындагы 102 бак-даракты кыюуну пландоодо. Жергиликтүү бийлик жолдорду кеңейтүү менен унаа тыгындарын алдын алгысы келет.

Материал 13. 06. 2019  саат 17:30да жаңыртылды

Шаардык кеңештин 14-майдагы сессиясында бак-дарактарды кыюу маселеси каралып, эл өкүлдөрү мэриянын сунушун колдоп беришкен.

«Мэрия эки көчөдөгү дарактарды жолду кеңейтүү үчүн кыюуга уруксат сураган. Бул сунуш колдоо тапты. Бардыгы эмес, тоскоолдук жараткан дарактар гана алынат деген жери бар», — деди шаардык кеңештин өкүлү Кутман Камчыбеков.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Аскар Шакиров көчөсү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ал эми Уркуя Салиева көчөсү тез жардам унаасы тоскоолдуксуз ооруканага кирип-чыгышы үчүн кеңейтилет. Бактарды кыюу иштери июнь айында башталат.

«Дарактарды кыйбай туруп жолдорду кеңейтүүгө болбойт экен. Ошондуктан, дарактарды алууга туура келип жатат», — деп түшүндүрдү мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Жергиликтүү бийлик кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңылары отургузулат деп ишендирет. Бирок азырынча канча көчөт тигилээри белгисиз.

Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова дарактардын кыйылышына каршы. Бирок, мэрия өз демилгесин мыйзамдарга негиздеп сунуштагандыктан депутаттардын токтомун аткарууга аргасызбыз дейт.

«Негизинен дарактар кыйылбашы керек эле. Кайра жаңы көчөттөрдү отургузуп, экологияны оңдош керек. Эми ал жерде жол курулуп жатпайбы. Мыйзамдарды көрсөтүп сунуштаганы үчүн эл өкүлдөрү колдоп беришти», — дейт Наватова.