Эдин Пашовичтин иллюстрациясы

Абдукадырдын үй бүлөсү Борбор Азиядагы мыйзамсыз карго бизнесинен миллиондорду тапкан. Бул иликтөөдө ал каражат дүйнөнүн ар кайсы жеринде эксклюзивдүү виллаларга, көз жоосун алган көп кабаттуу имараттарга жана кагаз бетинде гана калган инвестицияга кеткени билинди.

2012-жылдан тарта Кыргызстандан миллиондогон доллар Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы банк эсептерине бир үй бүлө үчүн чыгарылып турган.

Акчанын көбү Перс булуңунан тарта Калифорниянын жээктерине чейин кымбат баадагы кыймылсыз мүлккө кеткен.

Мүлктүн тизмесинде Лондондун кымбат райондорунун бириндеги жер үй, Вашингтон шаарына чукул жердеги 1,2 миллион долларлык үй бар. Инвестициялык долбоорго Дубайдагы 26 кабат имарат да кирген.

Айрым жогорку класстагы кыймылсыз мүлк белгисиз себептерден улам курулбай токтоп калганы суроо жаратат.

Германиянын Аугсбург шаарынын депутаттары сырдуу курулуштардын биринин «инвестору же архитектору ушу күндөрү барбы, же дайынсыз жоголдубу» деп кызыгышкан.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин бул иликтөөсү ушул суроого жооп издеп, бул инвестициялардын артында турган миллиондор дүйнөнүн башка тарабындагы көмүскө ишкердик менен байланышта экенин көрсөтөт.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германия, Улуу Британия жана Дубайдагы жеке менчиктери тууралуу кеңири маалымат.

Өткөн айда жогорудагы үч медиа уюм жарыялаган иликтөөдөн кийин Дубайда жашаган уйгур улутундагы көмүскө магнат Хабибула Абдукадыр коомчулуктун назарына түшкөн. Макалалардын сериясы Абдукадырдын үй бүлөсү Борбор Азиядагы жашыруун карго компаниясы аркылуу Кыргызстандын бажы кызматынын көмөгү менен товар аткезчилиги, салыктан качуу жана башка схемаларды колдонуп миллиондорду табышканын ачкан.

Лондондогу Morton House Хабибула Абдукадыр сатып алган кымбат мүлктүн бири (Photo: Coombe Residential)

Мындай масштабдуу операциядан түшкөн киреше Абдукадырдын үй бүлөсүнүн дүйнөнүн ар кайсы жериндеги компаниялары, АКА тобуна кирген фирмалары аркылуу бир нече континенттеги курулган жана курула элек кыймылсыз мүлккө жумшалган.

Акчаны сыртка чыгарып кетүү үчүн Абдукадырдын үй бүлөсү өзүн акча адалдоочу деп тааныштырган Айеркен Саймаитинин кызматынан пайдаланган. Ал миллиондорду банктагы өзүнүн, аялынын жана Кыргызстанда ачкан фирмасынын эсептерине салып, кайра ал жактан чет өлкөлөргө которуп турган. Саймаити ошондой эле нак акчаны Кыргызстандан ташып чыгып, түрк банктарына салуу үчүн карапайым курьерлерди пайдаланган. Андан ары акча Абдукадырлар айткан жакка жиберилген.

Саймаити өткөн айда Стамбулда киши колдуу болгон. Ал өлөрдөн мурун журналисттерге акчаны кантип табышканын, четке чыгаруунун жол жобосун ийне-жибине чейин түшүндүрүп, мурдагы кожоюндарынын бетин ачкан. Ал айткандарын жеке эсеп-кысап жүргүзгөн дептери, банктык акча которуулар жана нак акчанын декларациялары сыяктуу көптөгөн документтер менен бышыктаган.

Айеркен Саймаити. (Photo: Aierken Saimaiti)

Саймаити Абдукадырдын үй бүлөсүнө иштеген беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарган. Ал бул сумманы тастыктаган бардык документтерди бере албаганы менен Кыргызстандын Финансы полициясынын иликтөөсүндө сумма мындан алда канча көп болушу мүмкүн экени көрүнөт.

Саймаити журналисттерге берген документтерге ылайык, бери дегенде 209 миллион доллар Германияга, Британияга, Кошмо Штаттарга жана Дубайга жиберилген. Бул өлкөлөрдө Абдукадырдын үй бүлөсү кыймылсыз мүлккө бараандуу инвестиция жасаган.

Оpen Democracy жана Transparency International UK уюмдары бул иликтөөнүн авторлору менен Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жеке менчиги тууралуу документер менен бөлүшүштү.

Сандар

Журналисттер Саймаитинин эсеп-кысап жазууларын карап отуруп тапкан маалымат: Кеминде 75 миллион доллар Абдукадырдын үй бүлөсүнө жана аларга тиешелүү компаниялардын Европадагы банктарына 2014-2017-жылдары которулган. 30 миллион доллар Кошмо Штаттардагы Американын Банкындагы үй бүлөнүн эсебине салынган. Дагы 104 миллион доллар Дубайга, негизинен Абдукадырдын үй бүлөсүнүн эсептерине жана дагы бир бөлүгү жергиликтүү курулуш компанияларына которулган. (Бул үй бүлөнүн Бириккен Араб Эмирлигинде бараандуу активи бар).

Айтылган сандар Кыргызстандын Финансы полициясынын Саймаити которгон акчасын иликтегенде көрсөтүлгөн суммага абдан жакын. Финполициянын билдирүүсүндө 27 миллион доллар Нидерландга жана 81 миллион доллар Латвияга которулган.

Журналисттер жер жана компаниялардын каттоосун карап отуруп Абдукадырдын үй бүлөсүнүн бери дегенде 20 кыймылсыз мүлк объектисин таап чыгышкан. Жер үйлөр жана шаарлардагы батирлер менен көз жоосун алган көп кабаттуу мунара мейманкана сыяктуу объектилердин баарынын жалпы суммасын аныктоо мүмкүн эмес. Бул үй бүлө 65 миллион долларды кыймылсыз мүлккө кетирген, бирок бул сан так эмес. Анткени бардык өлкөлөрдүн мүлк каттоо кызматтары курулуп жаткан долбоорлорду көрсөтпөйт.

Cүрөттө солдон оңго карай Алимужиаң Хадир, Наби Хадир, Маймаитили Хадир жана баарын жетектеген, бир туугандардын улуусу Хабибула Абдукадыр. (Photo: OCCRP)

Абдукадырдын үй бүлөсү Британияда 44 миллион долларга, Дубайда 19 миллион долларга жана АКШда 2 миллион долларга кыймылсыз мүлк алган. Германияда катталган мүлк белгисиз.

Саймаити берген материалдар Абдукадырдын үй бүлөсүнө акча чыгаруу үчүн кандай көз боёмочулук жолдорду колдонулганын айгинелейт.

Маселен, акчаны банк аркылуу жасалма насыя келишимдердин негизинде которгон.

Саймаити журналисттерге анын Кыргызстанда катталган «Абдыраз» фирмасы Абдукадырдын үй бүлөсүнүн Германиядагы «АКА Петролеум» деп аталган компанияларына 30 миллион доллар карыз бергени жөнүндө жалган келишимди көрсөткөн. Германиянын мыйзамдарына ылайык түзүлүп, 1-июль 2014-жыл деп белгиленген келишимде «АКА Петролеумдун» мөөрү, Хабибула Абдукадырдын Мюнхендеги өкүлүнүн колунукуна окшош кол коюлган.

Саймаити берген жасалма келишим жана анын негизинде банк аркылуу акча которуу.

Саймаити ошондой эле жалган келишимдин негизинде «АКА Петролеумдун» эсебине которулган жалпы суммасы 3,7 миллион доллардык банктын жети кагазынын көчүрмөсүн берген.

Башка акча которуулар дагы ар кандай жолдор менен ишке ашкан. Көпчүлүк учурда акча товарга, маселен «кездемеге которулду» деген жүйө менен кеткен. Бирок акча алган тараптардын текстиль бизнесине таптакыр тиешеси жок.

Саймаити өзү Хабибула Абдукадырдын Германиядагы эсебине 700 миң долларды «текстиль өнөр жайына» деп которгон. Дагы бир жолу 290 миң долларды салганда Дубайдагы курулушка жер сатып алуу үчүн деген расмий кодду көрсөтүп, бирок «текстиль үчүн» деген сөздү улап койгон.

Көмүскө акчанын изин иликтеп, арам акчаны адалдаштырууга каршы чоң банктарга кеңеш берген адис Грэм Барроу «жакыр өлкөдөн келип жаткан чоң суммадагы акчага кыраакы мамиле кылуу керек», деп эскертет.

АКА түйүнүнүн иштебей калган сайтынан алынган маалыматка ылайык, бул түйүндүн өзөгүн Дубайдагы AKA International жана MBL Investments компаниялары, Германиядагы AKA Petroleum жана AKA Immobilien (азыр AKA Group деп аталат), Британиядагы AKA London Trading (азыр Miran International деп аталат) компаниялары түзөт.

«Кызыгы, арам акчаны адалдаштыргандар каражатты колдон чыгарып ийүү тобокелдиги чоң болгондуктан, туруксуз жана коррупциялашкан системаларга (өлкөлөргө) инвестиция салгандан качышат» – дейт эксперт. Андыктан алар «Кыймылсыз мүлк сыяктуу узак мөөнөттүк инвестицияны туруктуу экономикасы бар Батышка жасоого кызыгышат».

Барроунун айтмында, бирок мындай инвестиция ал өлкөлөргө болор-болбос гана пайдасын тийгизет.

Абдукадыр да, анын өнөктөштөрү да комментарий сурап кайрылган көп өтүнүчтөрүбүздү жоопсуз калтырышты.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн төмөнкү өлкөлөрдөгү жеке менчиги тууралуу кеңири окуңуз:

Германия: «арбактар байырлаган үй» жана ээнсиреген башкы штаб

Германиянын эң байыркы шаарларынын бири саналган Аугсбургда кийим саткан дүкөндүн каршы тарабындагы курулуш көп жылдан бери бүтпөй келет. Буга Эрнст Францмандын ичи чыкпайт.

«Дайыма жаңы кишилер келишет. Алар жумуш жасап, иш токтогондо таштандысы менен булгап кетишет. Ар бири таштандысын сыртка чыгарат. Кожоюну да, архитектору да буга көңүл бурбайт», — деди «Conrad Glock» аттуу дүкөндүн сатуучусу Францман сентябрь айындагы маегинде.

«Шаардын көркүн кетирип жатат», — деп Францман даттанды.

Журналисттер барышканда имараттын ичинде бир киши ары-бери басып жүргөнүн ачык турган капталынан көрүштү. Курулушта андан башка кыймыл байкалган жок.

Коңшулар курулуш аймагында анда-санда гана бири-серин адамдар көрүнүп калаарын айтышты. Бирок Францман курулуш кайра жанданганын өткөн аптада билдирди. Ошентсе да жергиликтүүлөр бул имаратты «арбактар байырлаган үй» деп атап коюшат.

Аугсбургдагы Абдукадыр үй бүлөсүнө таандык токтоп турган курулуш (Сүрөт: RFE/RL)

Аугсбургдун борбордук бөлүгүндөгү Шмидтберг көчөсүндө жайгашкан алты кабат имараттын курулушу 2015-жылы аяктары айтылган. Бирок андан бери канча өтсө да убада аткарылган жок. Бир ирет имарат мейманкана катары мүнөздөлүп, ал 2016-жылы ишке кирет деп айтылган. Ал эми учурдагы планга ылайык, ал жерде көп батирлүү комплекс 2019-жылдын мартында курулуп бүтүп калышы керек эле.

2018-жылдын февраль айында Аугсбургдун жергиликтүү депутаттарынын тобу бул курулуш тууралуу шаар мэрине кат жолдошуп: «Деги ээси же архитектору барбы?», деген суроо коюшкан. Бул суроонун жообу бар. Соңку сегиз жыл бою бул имаратка Абдукадырдын үй бүлөсүнүн «АКА» аттуу компаниялар түйүнү ээлик кылып келген.

Түйүндүн азыр иштебей калган веб-сайты көрсөткөндөй, Аугсбургдагы токтоп турган курулуш Германиядагы бир нече долбоордун бирөө гана. Алардын арасында Мюнхендин чекесиндеги жер тилкеси жана ал шаардагы Абдукадырдын компаниялар тобу башкы штаб катары көрсөткөн ээнсиреген бизнес борбор бар.

Германиянын кыймылсыз мүлк реестри коомчулук үчүн жабык болгондуктан, Абдукадырдын үй бүлөсүнүн бул өлкөдө канча турак-жайы бардыгы так белгисиз. Бирок жогорудагы веб сайт көрсөткөндөй, бул үй бүлөнүн Германиянын бир нече шаарында кошумча мейманкана жана батирлер комплексин куруу сыяктуу пландары болгон.

«Ээнсиреген башкы штаб»

Абдукадырдын үй бүлөсүнүн эки негизги компаниясы - "AKA Immobilien" ("AKA Group" деп аты өзгөргөн) жана анын филиалы "AKA Petroleum" Германияда түзүлгөн. Алардын 106 миллион АКШ доллары болгонун эки компаниянын 2017-жылкы финансылык документтери көрсөтүп турат. Бирок буга Германиядан башка өлкөлөрдөгү мүлк да кошулган болушу мүмкүн.

Компаниялардын дареги катары Мюнхендин чыгышындагы индустриялык паркта жайгашкан бизнес борбор көрсөтүлгөн. Журналисттер бул жай ээнсиреп турганын ушул күздө жумуш күнү барып көрүп келишкен.

Имараттын биринчи кабатында темир-тезек, курулуш материалдары туш келди чачылган. Ичинен адамдын карааны көрүнгөн эмес. Кире беришинде жыйылган үстөлдөр жана сынган кол чатыр жатат. Короосу отоо чөп менен буталбаган бак-шакка толгон.

Мюнхенде жайгашып, Аугсбургдагы имараттын курулушуна да катышкан Stark Architekten архитектуралык фирмасынын сайтында АКА компанияларынын ээн турган башкы штабын 19,2 миллион АКШ долларына жаңылоо сунушу жазылган. Ал планга ылайык, «AKA International» деп жазылган, цилиндр формасындагы беш жылдыздуу, 196 бөлмөсү бар мейманкана курулушу керек эле.

Абдукадыр үй бүлөсүнүн компанияларынын Мюнхендеги ээнсиреп турган башкы штабы. (Сүрөт: RFE/RL)

Имараттын сыртындагы чакан почта кутусунда «AKA Immobilien», «AKA Petroleum» компанияларынын жана Абдукадыр түйүнүнө байланышы бар башка эки немис фирманын аттары кагазга жазылып чапталган. Имараттын кире беришиндеги айнек эшигине чапталган кагаздагы жазуу келген кишини көчөнүн арткы тарабындагы төрт компаниянын аты жазылган бизнес борборго багыттап турат. Журналисттер ал борбордун коңгуроосун басып көрүштү. Бирок жооп болгон жок.

Кагазда жазылган телефон номерге бир нече жолу чалганыбыз менен автожооптун үнүн гана уктук. Телефонго Абдукадырдын үй бүлөсүнүн Мюнхендеги өкүлү Кудрат Нурмамат жооп берди. Ал үй бүлөнүн бизнеси тууралуу сөз кылуудан баш тартып, интервью сураган бир нече өтүнүчүбүздү четке какты.

«Акылсыз, куру кыялдын туундусу»

Аугсбургдагы имараттан жана Мюнхендеги ээн калган бизнес борбордон тышкары Абдукадырдын үй бүлөсү Мюнхендин чыгышындагы Фатерштеттенде жер тилкесин сатып алган.

АКА түйүнүнүн иштебей калган веб-сайтындагы маалыматка ылайык ал жерде 2017-жылдын декабрь айында 220 бөлмөлүү мейманкана курулушу керек болчу. Бирок Абдукадырдын үй бүлөсү жер тилкесин кайра сатып жиберген.

Фатерштеттенде курулат деп пландалган мейманкананын долбоору. (Сүрөт: AKA веб-сайт)

Фатерштеттендеги жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, АКА түйүнүнүн өкүлдөрү мейманкананын курулуш планын көрсөткөнү менен долбоорду ишке ашыруу үчүн расмий документтерди алып келишкен эмес.

АКА түйүнүнүн Германиядагы кеминде эки долбоору кагаз бетинде гана калган.

АКА түйүнүнүн веб сайтынан Франкфурттун түндүк-чыгышындагы Бад-Фильбель шаарында курулат делген мейманкананын долбоорун да көрүүгө болот. Жергиликтүү бийликтин коммерциялык курулуштарга жооптуу өкүлү 2018-жылдын апрель айында «Immobilien Zeitung» басылмасына маалымат берип долбоордун сүрөттөрүн «акылсыз, куру кыялдын жер тилкеси жок туундусу» деп мүнөздөгөн. Мындай жагдай андан бери өзгөргөн жок.

Бад-Фильбелдин мэриясынын басма сөз өкүлү «Бул долбоор тууралуу эч нерсе билбейм. Андыктан шаардык кеңештин өкүлүнүн айткандары дале күчүндө», — деп электрондук кат аркылуу билдирди.

АКА түйүнүн иштебей калган сайтында Франкфурттун түштүк-чыгышында жайгашкан Дитценбах шаарчасындагы долбоор тууралуу да маалымат бар. Шаарчанын жергиликтүү бийлигинин өкүлү долбоордун эч кандай планы расмий сунушталбаганын айтты.

Эгер Абдукадырдын үй бүлөсү Германиядагы бир дагы курулуш долбоорун аягына чыгарбаса, анда анын себеби акчада эмес.

Саймаити журналисттерге берген финансылык документтер көргөзгөндөй, 2014-2015-жылдары Абдукадырдын үй бүлөсүнүн жана анын эки немис компаниясынын эсептерине кеминде 46 миллион доллар которулган.

Үй бүлөнүн финансылык ресурсун эске алганда Германиядагы долбоорлор эмне үчүн ара жолдо калганы белгисиз. Аугсбургдагы курулуш кайра жандана баштаган сыяктуу. Кантсе да бул курулуш долбоорлору Борбор Азиядан чыгарылган миллиондогон доллардын дарегин көрсөтүп турат.

Германиянын бизнес реестринен алынган Абдукадыр үй бүлөсүнүн компанияларынын бири тууралуу документте аталган үй бүлөнүн жергиликтүү өкүлү Кудрат Нурмаматтын колу бар.

Оң тарапта Саймаити журналисттерге берген жалган келишимди көрүүгө болот. Саймаити бул келишимди Абдукадырдын акчасын Германияга которгондо негиздеме үчүн колдонгон. Ал келишимде Нурмаматтын да колу бар.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн кайсыл өлкөлөрдө кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу кеңири маалымат окуш үчүн өлкөнү тандаңыз:

Улуу Британия: көз жоосун алган хансарай жана уйгур рестораны

Лондондун батышындагы Илинг району. Андагы Аксбридж роуд деп аталган ири коммерциялык көчөнүн абалы 2007-жылы бул райондон «“Елизавета” темир жол линиясы өтөт» деп жарыялангандан бери кыйла жакшырды.

2016-жылы Абдукадырдын үй бүлөсү дал ушул көчөдөгү Dawley House деген ат менен таанымал кыймылсыз мүлктү 28 млн АКШ долларына сатып алган. Жаңы темир жол линиясы 2020-жылы ишке киришкенден кийин бул жайдан Лондондун борбордук бөлүгүнө жана Хитроу аэропортуна 20 мүнөттө жетип барса болот. Андыктан бул - кирешелүү инвестиция.

Жергиликтүү бийликтин курулушка уруксат берген документтерине жана АКА компаниялар түйүнүнүн иштебей калган сайтындагы маалыматка ылайык, Абдукадыр үй бүлөсү бул жерде 113 бөлмөдөн турган 12 кабат мейманкана курмак. Анын биринчи кабатында кафе, жыйындар залы, фитнес борбору пландалган.

Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, үч жыл мурда бул жердеги имарат сүрдүрүлгөндөн бери эч өзгөрүү боло элек.

Жумуш күнүндө да аймакта курулуштун белгиси, жумушчулардын же кароолчулардын карааны көрүнгөн жок. Бош жер тилкеси жыгач менен тосулуп, эшиктерин кара кулпу кайтарганын көрдүк.

Мурдагы Dawley Houseтун аймагы ээнсиреп калган. (Сүрөт: OCCRP)

Абдукадырдын үй бүлөсү бул кыймылсыз мүлктү Британиядагы компанияларынын бири же учурда «Miran International» деп аталган фирма аркылуу сатып алган. Анын 2016-жылкы финансылык документтерине ылайык, Dawley House сатылып алынган жылы фирмага Абдукадырдын үй бүлөсүнүн башка чет өлкөдөгү эки компаниясынан 28 миллион АКШ доллары тушкөн. Ушунча эле акча кыймылсыз мүлккө инвестиция катары сарпталган.

Ал компаниялар «AKA International» жана «Palvan Insaat» деп аталат. Бул эки компанияга Абдукадырдын үй бүлөсү үчүн иштеген Саймаити он миллиондогон долларды Кыргызстандан которгон.

"Miran" компаниясынын документтери күбөлөгөндөй, 2016-жылы Хабибула Абдукадыр өзү бул компанияга 2,5 миллион АКШ долларын карызга берген. Компания дээрлик ушунча эле суммадагы каражатты Хабибулланын уулу Айбибула Нуермаймайтиге карызга берген. Акча Нуермаймайтинин компаниясына жөнөтүлүп, андан ары Лондондун түндүгүндөгү уйгур ресторанын сатып алууга сарпталган. Бул жагдай Абдукадырга байланышы бар компаниялар Британияда бир гана кыймылсыз мүлк сатып албай, бизнес менен алектенгенин да көрсөтүп турат.

«Эң көрктүү үйлөрдүн бири»

Абдукадырдын үй бүлөсү Лондондо мындан башка кеминде төрт кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Ал үчүн 16 миллион доллар төлөшкөн. Алардын бири бош жаткан жер тилкеси.

Абдукадырдын дагы бир уулу Айбибула Паливанмухаймайти 2016-жылы терезесинен Темза дарыясы көрүнүп турган комплекстен люкс класстагы батир сатып алган. Батир Лондондун түштүк-батышындагы Уондсуорз районундагы 17 кабат Ascensis Tower комплексинде жайгашкан.

Бирок Абдукадыр үй бүлөсүнүн Лондондогу көз жоосун алган хансарайы эң кымбат райондордун биринде же Кингсон-апон-Темз районундагы Кумбе Парк жеке менчик конушунда жайгашкан.

Morton House деп аталган хансарай Абдукадыр үй бүлөсүнүн Британиядагы бизнес ишмердигинин негизги дареги катары да кызмат кылат.

2015-жылы 6,8 миллион АКШ долларына алынган хансарайдын кожоюндары катары Хабибула Абдукадыр, анын аялы жана эки уулу көрсөтүлгөн.

Жети уктоочу бөлмөсү бар үйдү жарнама кылган китепчедеги маалыматка ылайык, хансарай жайгашкан аймакта кайыкка түшүп сейилдеп, ээн-эркин, поло жана гольф ойносо болот. Ошондой эле бул райондо түрдүү эл аралык мектептер жана жыл сайын Уимблдон теннис чемпионатын өткөргөн Бүткүл англиялык теннис клубу жайгашкан. Китепчеде хансарай туралуу: «Бул Кингстон Хиллдеги эң эксклюзивдүү көчөдөгү эң көрктүү үйлөрдүн бири экени талашсыз», — деп сүрөттөлөт.

Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Morton House аттуу хансарайы. (Сүрөт: Coombe Residential)

Конушка жөн-жай адам кире албайт. 2008-жылы орун алган талаштуу окуядан кийин кире бериште дарбаза орнотулган. Конуштун колунда бар жашоочулары дарбазаны атайын код менен ачышат.

Материал Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Улуу Британиядагы кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат менен бөлүшкөн Оpen Democracy жана Transparency International UK уюмдарынын катышуусу менен даярдалды.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн төмөнкү өлкөлөрдөгү жеке менчиги тууралуу кеңири окуңуз:

АКШ: Хан сарайлар жана кымбат баалуу унаалар

2013-жылдан тарта Хабибула Абдукадыр өз бизнесин АКШга чейин кеңейтип, анын үй бүлөсү жалган компаниялар аркылуу Калифорнияда жана Виржинияда эки кыймылсыз мүлк сатып алган.

Лос-Анжелестин түндүк ыптасындагы төрт уктоочу, үч жууна турган бөлмөлүү, бассейни жана жакузиси бар үйдү Абдукадырдын эки уулу 722 миң долларга 2013-жылдын ноябрында сатып алган.

Абдукадырдын үй бүлөсүнүн Лос-Анжелесте сатып алган үйү. (Сүрөт: Realtor.com)

Виржиния штатынын Грейт-Фолс аймагындагы дагы бир үй 2018-жылдын апрелинде дээрлик 1,3 миллион долларга алынган. Эки кабат, кыштан салынган тамды Айбибула Йамаймайтинин Виржинияда бир жыл мурун каттоодон өткөн «AKA Development» компаниясы сатып алган. Йамаймайтини бир нече булактарыбыз Хабибула Абдукадырдын уулу деп аташты.

Бул компания 2018-жылдын августунан 2019-жылдын июнуна чейин курулуш материалдарын төрт жолу импорттогону катталган. Ошондой эле октябрь айында Абдукадырдын «Palvan Insaat» компаниясы 29 эмерек тетиктерин АКШга жиберген.

«AKA Development» компаниясынын кеңсеси катталган жерге барганыбызда күн нурунун энергиясынан тарта юридикалык кеңеш, ит-мышыкка кам көргөн сыяктуу ар кыл кызмат көрсөткөн ондогон компаниялардын виртуалдык офиси болуп чыкты. Абдукадырдын компаниясы эч качан бул имаратта болбогон сыяктуу.

Эмерекке кошумча Абдукадырдын үй бүлөсү АКШга кеминде эки люкс класстагы автомашина алып кирген. 2011-жылы чыккан Lamborghini жана 2008-жылкы Mercedes-Benz G-Class SUV үлгүсүндөгү машина Йамаймайтинин атына Виржиниядагы үйүнө жиберилгени катталган.

Абдукадырдын үй бүлөсүнүн АКШдагы активи башка өлкөлөрдөгү байлыгына салыштырмалуу чакан экенине карабай, Кошмо Шттаттарда катталган компанияларга четтен бараандуу өлчөмдө акча которулуп турган. Акча салгандардын бири Саймаити болгон.

Акчанын арбынын алган «AKA Energy» команиясы 2014-жылдын июлунда Невада штатында катталган. Компаниянын жетекчилери Абдукадыр, анын жубайы жана эки уулу.

Абдукадырдын үй бүлөсү АКШда башка дагы бир нече компанияны, анын ичинде Техаста Palwan Energy жана AKA Food, Калифорнияда Nur International Trading North America деген фирмаларды каттаткан. Бирок үчөө тең жабылып калган.

Саймаити журналисттерге берген эсеп таблицасы жана банктык документтер 2014-2015-жылдын алты айында анын Кыргызстандагы «Абдыраз» компаниясы АКШдагы «AKA Energy» фирмасынын эсебине 29 миллион доллар которгонун көрсөтөт. «AKA Energy» фирмасынын дареги деп Лас-Вегастагы чоң соода үйүн жазып койгон.

Документке ылайык, акча 63 жолу банк аркылуу 100 миңден 800 миң долларга чейин которулган. Алардын ичинен беш миллиондой доллар 2014-жылдын 2-октябрында түзүлгөн келишим боюнча “карызды кайтаруу” максатында деп көрсөтүлгөн.

Бул каражатты «AKA Energy» эмне кылганы белгисиз. Компаниянын интернет сайты жок, анын ишмердиги тууралуу эч кандай маалымат да табылбады. Абдукадырлар болсо комментарий сураган өтүнүчтөрдү жоопсуз калтырышты.

Абдукадырдын үй бүлөсүнүн мүлкүн билүү үчүн басыңыз. Көчүрүү

Дагы 750 миң доллар Йамаймайтинин Американын банкындагы эсебине которулган. Саймаити журналисттерге берген жазууларда акча «үй сатып алууга» кеткени белгиленген.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн төмөнкү өлкөлөрдөгү жеке менчиги тууралуу кеңири окуңуз:

Дубай: мунаралар жана виллалар

Абдукадырдын үй бүлөлүк бизнеси Европа менен Түндүк Америкага караганда Дубайда алда канча көрүнүктүү.

Эмираттарда Хабибула Абдукадыр менен анын туугандары, «AKA International» компаниясы (мурда «ABL Hospitality Management» деп аталган) Кыргызстандан чыгарылган он миллиондогон долларды кыймылсыз мүлк алууга жана курулуш долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшаган.

Саймати журналисттерге берген банк документтеринде 2014-2015-жылдары «AKA International» компаниясына жана Дубайдагы курулуш менен алектенген башка фирмаларга Кыргызстандан кеминде 104 миллион доллар которулганы көрсөтүлөт. Ал бул сумма Дубайга жолдонгон акчанын бир гана бөлүгү экенин айткан. Бирок муну ырастаган кагаздардын толук топтомун бере алган эмес.

Саймаитинин сөзүнө караганда, акчанын баары Абдукадырдын үй бүлөсүнүн кыймылсыз мүлккө салган инвестициясы болгон. «Мен Кыргызстандан Дубайга жер үчүн көп акча которгом», — деген Саймаити.

Ал «Марина» деп атаган долбоорду Абдукадырлардын эң чоң долбоорлорунун бири деп белгилеген.

Ушул тапта иштебей турган АКАнын интернет сайты убагында AKA Marina Hotel & Residences деп аталган долбоорду катуу жарнамалаган болчу. Даңазасы таш жарган долбоор жээктен 500 метр жерде курулчу 23 кабат мейманкананы жана 60 кабат турак-жай комплексин бириктирген эки мунарадан турат. Эки мунараны «панарома көпүрө» менен бассейн жалгаштырат. Сайтта курулуш «пайдаланууга берилүү алдында» делгени менен учурдагы абалы белгисиз.

Иштебей калган веб сайттагы Абдукадырдын үй бүлөсү курат деген долбоор. Учурдагы абалы белгисиз. (Photo: AKA Group)

АКАнын сайтында жарнамаланган дагы эки чоң долбоордун бир топ илгерилегени сезилет.

Алардын бири «AKA Residence» — 26 кабат, 220 батирлүү мунара. Бириккен Араб Эмирлигинин бизнес медиасынын жазганы боюнча курулуш аяктоо алдында турат. Имарат Дубайдын чордонундагы Жумейра Виллаж Сёркл районунда жайгашкан. Журналисттер Абдукадырдын үй бүлөсү долбоорго канча акча салганын тактай алышкан жок. Долбоордун веб сайтында курулушту ишке ашырган башкы компаниянын бюджети 40 миллион доллар экени көрсөтүлгөн. Турак-жай ижарага берген веб сайттар кардарларга имараттагы батирлерди сунуш кыла баштады. Эки уктоочу бөлмөсү бар, 145 чарчы метрлик батир 21 миң 800 долларды чапчыйт.

АКАнын курулушу жүрүп жаткан экинчи долбоору — MBL Residence. 45 кабат кымбат баалуу турак-жай имараты Jumeirah Lake Towers комплексине кирет. Бул долбоор АКАнын сайтында алардын негизги инвестицияларынын бири деп жарыяланган.

MBL Residence — сайттагы сүрөт. (Photo: AKA website)

Мунараны жарнамалаган слайд-шоу бул курулуп жаткан имарат «AKA International» жана Дубайдагы «MAG Group» деген компаниялар тобунун биргелешкен ишканасы экенин көрсөтөт.

«MAG Group» өкүлү компания АКА менен байланышы тууралуу комментарий бербей турганын айтты.

Абдукадырдын үй бүлөсү Дубайда курулушу аяктап жаткан беш кабат имаратка акча салган. Имарат турган жер аянты Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун аялына таандык. Матраимовдун жубайы долбоордун инвесторлорунун бири. Буга чейинки иликтөөлөр Абдукадырлардын Борбор Азиядагы карго империясынын гүлдөшү үчүн Матраимовдун колдоосу канчалык маанилүү болгонун көрсөткөн. (Матраимов өз дарегине айтылгандарды четке кагып, Дубайдагы долбоорду комментарийлеген эмес).

Абдукадырдын үй бүлөсү кыймылсыз мүлккө салган чоң инвестициялык долбоорлордон тышкары кымбат сатып алууларды ишке ашырган.

Ачыкка чыгып кеткен Эмираттагы жеке менчикти каттаган маалымат базасы бул үй бүлө жана кызматкерлери кеминде жети объект сатып алганын көрсөтөт.

Адистер түзүп чыккан кыймылсыз мүлктүн жана турак жайдын маалымат базасы алгач «C4ADS» аттуу коммерциялык эмес топтун колуна тийген жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) берилген. Ачыкка чыгып кеткен бул базада турак-жай качан сатылып алынганы так белгиленбесе да, анда кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери, көп учурда баасы жана сатып алуучу менен байланышуу жолдору жазылган. Бул база 2015-2017-жылдарды камтыйт.

Мынча кыймылсыз мүлктүн арасында Jumeirah Park комплексиндеги Абдукадыр үй бүлөсү беш миллион доллардан көп акча сарптаган төрт вилла да бар. Аларды Хабибула Абдукадыр, анын эки бир тууганы жана бул үй бүлөнүн Түркиядагы компаниясын иштеткен кызматкер сатып алган.

Хабибула жанаша жайгашкан Jumeirah Islands комплексинде да бир виллага ээлик кылат. Ал үчүн 650 миң АКШ долларын сарптаган.

Palm Jumeirah аралында жайгашкан имараттагы бир батирди жана жакынкы Al Dhafrah мунарасындагы экинчи батирди Хабибуланын бир уулу жана туугандарынын бири 448 миң АКШ долларына сатып алышкан.

Саймаитинин банк аркылуу акча которулганын күбөлөгөн документтери Эмираттын ачыкка чыгып кеткен кыймылсыз мүлк базасындагы айрым маалыматтарды ырастап турат. Биринчи кезекте, банк аркылуу которулган каражаттын бир бөлүгү Дубайдын кыймылсыз мүлк тармагында иш алып барган «Nakheel» аттуу курулуш компаниясына жөнөтүлгөн. Бул компания Абдукадыр үй бүлөсү сатып алган вилла жана батирлердин бирөөнөн башкасынын баарын курган.

Буга кошумча Саймаити түшүндүрүп бергендей, айрым банк документтеринде белгилүү бир кыймылсыз мүлк үчүн тамга жана сандардан куралган белгилер колдонулган. Бирок кээде белгилер бурмаланган түшүндүрмөлөр менен коштолгон. Мисалы 2014-жылдын сентябрь айында «JVC11 YHRG 001C кездеме үчүн» деген код менен «Nakheel» компаниясына 290 миң АКШ доллары жөнөтүлгөн. Башка транзакциялар үчүн «товардын жеткирилиши» деген негиздеме көрсөтүлгөн.

Которуулардын түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн коддор маалымат базасында көрсөтүлгөн коддор менен дал келет.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн төмөнкү өлкөлөрдөгү жеке менчиги тууралуу кеңири окуңуз: