Январдын биринчи аптасында эки аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан көз жумду

1-январга караган түнү медиктер Нарын облусунун Жаңы-Жол айылындагы үйлөрдүн бирине келип, бети канталап көгөргөн 36 жашар аялдын денесин табышкан. Маркумдун күйөөсү милицияга жубайын сабаганын, муштум менен эки жолу бетке согуп, кулап калгандан кийин башына тепкилегенин айтып берген.

Аялдын артында эки баласы калган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Ал эми 4-январда Баткендин тургуну күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Маркумдун артында үч баласы калган. 27 жашар аялдын денеси канталап көгөрүп калган, буттарын күйүк жерлер болгон.

Жубайынын өлүмүнө шектүүгө каршы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал эки айга камалган.

ЖМКлар мындай адам өлтүрүүлөр тууралуу дээрлик ай сайын кабарлап турганы менен бул ачыкка чыгып кеткен учурлар гана. Милиция 2019-жылы күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан аялдардын өлүмү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет ырастаган. Ага ылайык, алардын арасында октон, бычактан жарадар болгондор да бар. Ушундай кылмыштар Кыргызстандын бардык облустарында болуп келет.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт:

Эгер милиция үй-бүлөлүк зомбулукту каттоодон баш тартса, ал мыйзам бузган болот. Ошондой эле кризистик борборлордогу юристтерден жардам сурап кайрылса да болот. Эгер сиз өзүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугунан корксоңуз, анда кризистик борборлордо сизге жардам беришет. Алар сизге бир гана психологиялык эмес, юридикалык да жардам көрсөтүп, башпаанек бере алышат. Статистика боюнча, зомбулук курмандыктары көбүнесе милиция же оорукана эмес, дал ошол кризистик борборлорго кайрылышат. Бул шилтеме менен кирип сиздин аймакта жайгашкан кризистик борборду көрө аласыз.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча сиз корук катты узарта аласыз — биринчиси үч күнгө, кийинкиси бир айга берилет, корук катты бузгандыгы үчүн зомбулук көрсөткөн адамга карата санкциялар каралган. Ал эми сот бул каттын негизинде зордукчуну жалпы турак үйдөн көчүрү же анын ата-энелик укуктарын чектеп коё алат.

ТЕМА БОЮНЧА: