«Өлтүрөм деп эле жүргөн». Караколдо күйөөсүнөн кордук көргөн аял үн катты

Ысык-Көл облустук ооруканасына 4-январда денеси күйгөн абалда аял жеткирилген. Анын учурдагы абалы белгисиз, бирок соцтармактарга жарыяланган сүрөттөргө караганда бети, буту жана колу күйгөн.

Каракол шаарынын тургуну, жабырлануучу Сатина Бабаканованын айтымында, мурдагы күйөөсү ал иштеген күркөнүн эшигин сырттан бекитип туруп өрт койгон. Бабаканова күркөнүн терезесинен чыккан.

Жабырлануучу күйөөсү менен эки жыл түтүн булатканын, бирок 2 ай мурда ажырашканын билдирет. Ошого карабастан ал Бабаканованы кызганып, «өлтүрөм» деп коркутуп жүрчү экен.

«Милицияга кайрылсам, эч нерсе кыла албайбыз дешти. Мен Караколдогу базарда бирдик салып, кичинекей күркөдө иштейм. Окуя болгон күнү саат 15:30 чамасында күйөөм мас абалында келип, күркөмдүн эшигин бекитип туруп, бензин чачып, өрт койду. Мен ал жактан чыга албай жатып колу-бутум күйүп кетти. Терезеден араң чыктым. Өзүмдүн 2-класста окуган кызым бар», — деп кабарлаган ал super.kg басылмасына.

Аялды өрттөөгө шектелген мурдагы күйөөсү кылмыш болгон жерден качып кеткен. Милиция аны эки күн өткөндөн кийин кармап, соттун чечими боюнча ал эки айга тергөө абагына киргизилген. Кылмыш «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

Январь айынын биринчи аптасында милиция күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам эки аял көз жумганын ырастады. Алардин бири 4-январда Баткенде, экинчиси 1-январда Нарын облусунда каза тапкан. Эки аялды тең күйөөлөрү такай сабап турган, ал эми окуя болгон күнү алар баштарына жаракат алышкан. Бул кылмыштар бирдиктүү реестрге катталган.

Эки маркумдун артында бир нече балдары калган. Эми алар туугандарынын колунда чоңоюшу мүмкүн. Ушундай адам өлтүрүү окуялары тууралуу ЖМКлар дээрлик ай сайын кабарлайт. Бирок бул учурлар ачыкка чыккандары гана.