Жээнин «машинага байлап сүйрөөгө» айыпталган кишинин иши кыскартылды

Ооруканада. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Бишкектин Биричи май райондук соту тогуз жаштагы баланы «ур-токмокко алып, унаасына байлап бир канча метрге сүйрөөгө» шектелген кишинин ишин өндүрүштөн кыскартты. Сот өкүмү өткөн жылдын декабрында чыккан.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сот отурумунда айыпталуучу күнөөнү мойнуна албай, жабырлануучу тарап да окуяны тастыктап берген эмес.

«Айыпталучу жабырлануучунун колун жип менен байлап, андан соң унаасы менен сүйрөгөндүгү иш материалдары менен да, сот отурумунун катышуучуларынын көрсөтмөлөрү менен да аныкталган жок. Андан тышкары иш материалдарынын ичинде курал катары колдонулган жип далил зат болуп табылган жок», — деп кабарлашты соттон.

Мындан тышкары, баланын денесиндеги көк-ала тактар таякеси сабагандан эмес, ал тепкичтен кулап түшкөндүктөн пайда болгону айтылат.

2019-жылдын апрелинде Бишкек шаарындагы «Алтын Казык» конушунда тогуз жаштагы баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөнү кабарланган. Милиция окуяны «Бейбаштык» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Ал эми «Кактус» басылмасы кармалган адам жээнин чоң апасынын үйүнөн акча уурдаган деген шек менен «тарбиялоо максатында» аны өз автоунаасына байлап, бир нече метр сүйрөгөн деп кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА: