Өлкөдөн 100 миң долларды чыгарууда акчанын келип чыгышын түшүндүрүүгө туура келет

Мамлекеттик бажы кызматы Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) киргизген жаңы эрежелер тууралуу маалымдады. Ал эрежелерге ылайык, өлкөдөн 100 миң долларды же андан көп сумманы (же ага барабар болгон башка валютадагы сумманы) тышка чыгарууда акчалардын келип чыгышы тууралуу документтерди көрсөтүш керек. Ушул эле эреже өлкөгө акча алып кирүүдө да иштейт. Акчаларды гана эмес, ошол суммага тете болгон баалуу кагаздарды да түшүндүрүүсүз өлкөдөн чыгарып же алып киргизсе болбойт.

Бул эрежелер 4-февралдан тарта күчүнө кирип, ЕАЭБдин аймагында жарактуу болот.

Акчалардын келип чыгышын далилдөө үчүн документтерди бериш керек. Мисалы, сизде ушул сумма бар экенин далилдей турган банк документтери — үнөмдөлгөн акчалар же дивиденддер тууралуу маалым кат, кредит алынгандыгын, баалу кагаздардардын сатылгандыгын же сатылып алынгандыгын ырастоочу документтер.

Мындан тышкары, сиз ушул суммага мүлктү мураска алгыныңызды же ушул суммага өз мүлкүңүздү сатканыңызды ырастай турган документтер да жарайт.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Бажы кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мурда өлкөдөн 10 миң долларга чейинки сумманы декларациялабай, 10 миң доллардан көп акчаны декларациялап чыгарып кетүү мүмкүн эле. Бирок, сумманын келип чыгышын түшүндүрүү керектелген эмес болчу — мисалы, эки миллион доллар суммасындагы акча чыгарылып жатса дагы милдеттүү эмес эле. Мунун баары чет өлкөгө акча чыгарып иштеген курьерлердин иштерин жеңилдеткен.

Финполдун маалыматы боюнча, Кыргызстандан дээрлик миллиард доллардын изин жашырып жана мыйзамсыз чыгарып кетишкен. Бизнесмен Айэркен Саймаити жана анын курьерлери акча чыгарып иштешкен.

Саймаити чоң жана таасирдүү бизнесмен Хабибула Абдукадырдын кол алдында иштеген. Ал көптөгөн таасирдүү кыргыз аткаминерлеринин бизнеси менен байланыштуу. Саймаити Абдукадыр менен чырдашып кеткенден кийин журналисттик иликтөөнүн маалыматчысы болуп, Кыргызстандан акчаларды кантип чыгарып кетишкенин айтып берген.

Саймаитиге иштеген бир курьер бир учурда өлкөдөн миллион доллардан ашуун акча чыгарып кете алган. 2019-жылдын октябрында курьерлердин биринин денеси анын унаасынын багажнигинде табылган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Саймаити киши колдуу болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: