Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарыяланган. Макаланын автору — Али Токтакунов.

2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан сыртка акча ташыган Айэркен Саймаити жана анын фирмасы өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык төлөшү керек.

21-январда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында өлкөдөн күмөндүү акча чыгарылып жатканы тууралуу атайын кызматтарга эчен ирет кат жазылганы менен чара көрүлбөгөнү белгилүү болду.

Кылмыш ишин козгобогондорго эмне чара көрүлөт?

Жогорку Кеңеш маркум Айэркен Саймаитинин ишмердиги жана өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүп, ал ушул тапта ишин улантууда. 21-январдагы комиссиянын жыйында бир топ жаңы фактынын бети ачылды.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев убагында тийиштүү кызматтар жүз миллиондогон доллардын күмөндүү которулушуна көз жумганын дагы кайталады.

Анарбаевдин айтымында, Саймаитинин ишмердиги тууралуу бир нече жыл мурда эле коңгуроо кагып эскертишкен.

«2014-жылдын 30-июнунда Айэркен Саймаити менен "Абдыраз" тууралуу бүт маалыматты топтоп Ички иштер министрлигине берген экенбиз. Тилекке каршы, жооп ала албаптырбыз. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Кыскарып калган го деген божомолубуз бар».

«2016-жылдын 12-августунда ошол эле материалды кайра изилдеп, кеңейтип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) бергенбиз. Ошол эле жылы үч айдан кийин "иш козгоодон баш тартуу" деген чечим кабыл алыныптыр».

Анарбаев бул маалыматты «Азаттык» 2019-жылдын май айында «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор изи» деген иликтөөнү жарыялагандан кийин эле премьер-министрге айткан болчу. Бирок ошондон кийин да болжолдуу кылмышка көз жумганы үчүн ИИМге, Финполицияга кандайдыр чара көрүлгөнү тууралуу кабар жок.

Анарбаевден кийин суроолорго Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жооп берип, алар Финчалгындан да көп эсе эскертүү каттарын жазышканын белгиледи:

«2012-2018-жылдары Кытай Эл Республикасынын жарандары боюнча Финансылык чалгын кызматына 16, УКМКга эки кат жөнөтүлгөн. 16 каттын ичинен 14 катта Айэркен Саймаити жана "Абдыраз" ишканасынын аты аталган».

Анарбаев өкмөттөгү тийиштүү кызматтар «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин гана кыймылга келип, иш баштаганын ачык айтып, зыяндын өлчөмү аныкталганын билдирди:

«Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында чуу болуп, 2019-жылы "Азаттыкка" иликтөөлөр чыккандан кийин премьер-министрден жана Финполдон бизге ушул маалыматтарды кайра иликтөө боюнча кат келди. Биз 2019-жылдын 26-июнунда кайра ошол материалдарды Финполго бердик. Ошонун негизинде Айэркен Саймаити 2 млрд 602 миң сом, ал эми "Абдыраз" ишканасы 3 млрд 810 млн кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан».

Парламенттик комиссияга 12 депутат мүчө. Алардын бири Тынчтыкбек Шайназаров «мамлекетке ушунча ири өлчөмдө зыян келсе да Финансы полициясы кылмыш ишти козгоодон баш тартып атат» деп белгилеп, ушуга байланыштуу да кандайдыр бир кылмыш иши козголор-козголбосуна кызыкты.

Комиссия төрагасы Талантбек Мамытов эмки жыйынга Башкы прокуратурадан да өкүл келип, бул суроого жооп беришерин белгиледи.

Депутат Аалы Карашев Саймаити чыгарып кеткен суммадан алынбай калган салыкты эң чоң Кумтөр алтын кенинен түшкөн акча менен салыштырды:

«Бул өтө чоң акча да? Бул деген Кумтөрдүн бир жылдык салыгына жакындап барат. Ушул жерде чоң суроо туулат. Эмне себептен 2016-жылы иш козгоодон баш тартып, каралган эмес? Эмне себептен 2014-жылы бергенде эч жоопсуз калган? Убагы келгенде тийиштүү жетекчилерге да суроолорубузду беребиз. Бул киреше бөлүккө түшө турган акча түшпөй калганы ачык айкын көрүнүп атат».

Зыяндын ордун ким толтурат?

2019-жылдын 10-ноябрында Айэркен Саймаити Түркиянын Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн. Ага чейин ал журналисттер менен байланышып, 2011-2017-жылдар аралыгында акча адалдоонун чоң адисине айланганын айтып берүүгө үлгүргөн эле. Сөзүн ырасташ үчүн Кыргызстандан миллиондогон доллар банк аркылуу да, самолет менен да чыгарылып кеткенин далилдеген документтерди берген. Саймаити жай айында Түркиянын жарандыгын алууга арыз бергенин, 15-ноябрга чейин алып каларын, ошондон кийин башка дагы эксклюзивдүү маалыматтарды ашкере кылаарын баса белгилеген. Бирок ал убадасын аткарууга жетишпей калды.

Айэркен Саймаити Кыргызстандан чыгарып кеткен 700 млн доллар (Финполиция 900 млн доллардан ашуун деп кийин маалымат тараткан) анын акчасы болгон эмес. Миллиондор Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкердин «Абу-Сахий» карго компаниясынын тапкан кирешеси болгонун, өзү ал кишиге жалданып иштегенин айтып берген. «Ар бир которулган 10 миң доллар үчүн беш доллар акы алып турчумун» деп эскергени бар. Кожоюнунун түрдүү азгырыктарына алданып, кылмыштуу иштерди жасаганына өкүнүчүн билдирген.

Которулган акчанын кеминде 50 миллион долларына Дубайдан жер тилкеси алынган. Андан тышкары АКШ, Түркия, Британияга үй алуу максатында акча которулуп турган.

Саймаитинин айтымында, Кытайдан Өзбекстанга товар ташыган «Абу-Сахинин» кирешеге марышына Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын ролу чоң.

«Бажынын ошондогу төрага орун басары Райымбек Матраимов кезегинде Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн товарларынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз өтүп турушуна кепилдик берип турган», — деп эскерген Саймаити.

«"Абу-Сахинин" Кыргызстандын ичиндеги иштерин Матраимов Райым башкарат да. Матраимов Райым Өзбекстанга КамАЗдарды өткөрүп бериши үчүн биз акча беребиз. Бир КамАЗга, Кытайдан чыккан КамАЗга 4600 доллардан пул беребиз. Бир КамАЗга. Бир айда 600-650, 700гө чейин КамАЗ өтөт эле, транзит болуп», — деп айткан Саймати журналисттерге.

Саймаити акчаны «Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондунун» эсебине которуп турушканын айтып, муну ырастаган бир нече банк документтерин көрсөттү. Андагы жалпы сумма 2,4 млн долларга барабар. Бир тууган Матраимовдордун улуусу, депутат Искендер Матраимов Саймаитиден акча келгенин мойнуна алган. Бирок «200 миң доллар гана которгон» деп билдирип келет.

Матраимовдор мындан тышкары иликтөөдө келтирилген фактылардын баарын четке кагып келишет.

Абдукадырдын бийликтеги байланыштары

Хабибулла Абдукадыр — Кытайдан чыккан ишкер. Ал өзүнө баш ийген адам аркылуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин «Форум» ишканасын сатып алган. Муну Атамбаев өзү белгилеген. Абдукадыр менен Атамбаевдин кучакташа күлүп түшкөн сүрөтү экөө абдан жакын ымалада болгонун көрсөтөт.

Абдукадыр менен тааныш экенин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да мойнуна алган. Бирок кандайдыр ишкердик байланышы жок экенин белгилейт.

Абдукадырдын бир тууган иниси Хадир Маймайтили менен Райымбек Матраимовдун аялы өнөктөш болуп, Дубайда көп кабаттуу имарат салууда. Абдукадыр менен Финполиция жетекчиси Бакир Таировдун туугандары да бизнес өнөктөш. Алар Чаткалдагы Кассан сурьма кенин чогуу иштетишет.