Алайга көчүрүлүп келген ооган кыргыздарына окуу китептери тапшырылды. Алардын ичинде 50 даанадан «Алиппе» жана «Мекен таануу», 40 даанадан «Математика», кыргыз жана орус тил китептери, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептер бар.

Ош облусундагы Алай районуна караштуу Сары-Могол айылына өткөн жылдын декабрь айында Ооганстандан 10 үй-бүлө көчүп келген. Жергиликтүү бийлик аларга жети үй куруп берүү үчүн 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Бирок Памирликтердин тамак-ашына өкмөт тарабынан каражат бөлүнбөгөндүктөн, аларга жергиликтүү тургундар жардам берип жатышат.

Жылдын башынан тарта 50 этникалык кыргыздардын 36сы мектепте билим алып баштаган — аларга эки мугалим кыргыз тилини үйрөтүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?

«Кылаарга ишибиз жок»: Нарынга көчүрүлүп келген памирдик кыргыздардын жашоосу кандай өтүп жатат?

«Мамлекеттик программада памирлик кыргыздардын алыскы келечеги каралган эмес»