Жеңиш Разаков жер алмашуу боюнча Баткендин тургундары менен жолугушту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков топографиялык топтун мүчөлөрү менен биргеликте 8-февралда Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндө жайгашкан Тескей, Чек-Дөбө жана Терекзар аймактарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Разаков кыргыз-тажик чек ара маселесин бир нече окшош жана аянты бирдей жер тилкелерин өз ара алмашуу менен чечүүгө болоорун айтты.

«Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын сунуштары угулуп, Тажикстан Республикасы менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды. Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң аймактарды алмашуу маселесин андан ары илгерилетүү боюнча макулдашылган аракеттер көрүлөт», — деп маалымдалат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Мындан мурун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттары Тескей тилкесини 1,4 гектар сугат жерди Тажикстан менен алмашууга макулдугун беришкени белгилүү болгон. Бирок депутаттар макулдугун бергени менен, жергиликтүүлөр алмаштырылуучу жер боюнча кабарлары жоктугун айтышкан.

Ал эми өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарынын 1,4 гектар жер алмашуу боюнча токтому акыркы чечим эместигин билдирген.

Буга чейин Разаков 21-январь күнү кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Баткен районуна караштуу Аксай айыл аймагынын Арык-Асты жана Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек тилкеси Тажикстан менен алмашылаарын билдирген. Бирок анын ордуна Кыргызстан коңшу өлкөдөн кайсы тилкени алаарын айткан эмес.