Тажикстан менен чек арага чектеш эки жер тилке алмаштырылат — Жеңиш Разаков

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетиндеги жыйынында кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Баткен районуна караштуу эки жер тилке Тажикистан менен алмашылаарын билдирди.

«Биздин жарандар менен Тажикстандын жарандарынын үйлөрү аралашып кеткен. Кээ бир жерлер шахмат түрдө жайгашып калган. [...] Айтып кетсек [алмаша турган жерлер] бул Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Арык-Асты деген жери. Экинчиси Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек деген участогу бүгүнкү күндө алмашууга сүйлөшүлгөн», — деди Разаков.

Разаков жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Тажикстандан жумушчу топ 22-январда Бишкекке келээрин кошумчалады.

«Клооптун» журналисттери алмаша турган жер тилкелери тууралуу жергиликтүү бийликтин оюн билүү максатында Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш Ниязкулов менен байланышты. Бирок Ниязкулов «жер алмашуу тууралуу баары так эмес» деген шылтоо менен комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мындан тышкары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана анын биринчи орун басары Кеңеш Салихов менен да байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Баткен районунун Аксай айыл аймагы Тажикистандын Ворух анклавы менен ал эми Самаркандек айыл өкмөтү Исфара районуна караштуу Чорку айылы менен чектешет.