Кыргыз күсөнүн көрүңүз (бул жерде ак илбирс жана аюунун да сүрөтү бар)

Ысык-Көлдөгү «Сарычат Ээрташ» коругунун фототузактары ак илбирс, аюу жана күсөндү сүрөткө тартып калган.

Күсөн — бул суусарлар тукумундагы териси баалуу кичинекей жырткыч. Анын тулку бою, куйругун эске албаганда 30 сантиметрден ашпайт. Ал тумшугу учтуу, башы сүйрү, кулактары тоголок, тулку бою узун жана буту кыска жаныбар.

Сары күсөн — жырткыч. Ал көлөмү өзүнөн чоң жаныбарларга аңчылык кыла алат. Күсөн абдан тез жүгүрөт, буттары шамдагай, алардын олжосу көп учурда качып кутула алышпайт.

«Соңку жылдары корукта сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар менен чымчыктардын түрлөрү көбөйүп жатканы байкалууда», — деп билдиришти Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинен.

Ысык-Көлдүн коругунда башка дагы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрү да жок эмес. Корукта сүт эмүүчүлөр, балык жана канаттуулардын түрлөрү кездешет. Алардын көпчүлүгү кызыл китепке кирген.

Ал жакта мындан тышкары, өсүмдүктөрдүн 200дөн ашуун түрү, тамырсыз өсүмдүктөрдүн 45 түрү, козу карындын 30 ашуун түрү бар.

Корук деңиз денгээлинен 3000ден 5000 метрге чейинки бийиктикте, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагында орун алган.

Жалпысынан анын аянты 149 гектарды түзөт. Алардын ичинен 704 миңи — жайыттар, 122 миңи токой беттери, 303 миңи мөңгүлөр болсо, 87си сууларды түзөт.