Гүлнара Бакиева атындагы орто мектеп. Сүрөт: Маратбек Иманкулов

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Гүлнара Бакиева атындагы орто мектеп 1964-жылы 208 окуучуга ылайыкталып салынган. ӨКМ бул мектепти 2011-жылы авариялык абалда деп тапкан.

Мектеп билим алууга кооптуу деп саналганына карабастан бүгүнкү күндө ал жакта 518 окуучу билим алууга аргасыз. Демек мектепте балдар эки жарым эсе ашыкча окуп жатышат.

Мектептин ашыкча толгондугу, авариялык абалда болгондугу элеттиктердин жалгыз эле көйгөйү эмес — анда ашкана, спорт жана жыйындар залы жок. Окуучулар класстарда тамактанууга аргасыз. Мындан тышкары, жамгыр жааган сайын мектептин чатырынан суу өтөт.

Уулу аталган мектепте окуган Сапаргүл Аттокурова жакын арада башка мектеп жок болгондуктан баласын кооптуу мектепке тобокелдик менен жөнөтөөрүн айтат.

«Мектептин кооптуулугу боюнча кабарым бар, албетте кооптоном. Мектепке кудай сактасын деп жөнөтөбүз. Башка мектепке окуталы десек каражатыбыз жетишсиз, студент окутабыз. Ал эми бул мектеп бизге ыңгайлуу, мектеп көчөбүздүн башында. Эми бир аз окуп турса шарты жакшы мектепке жөнөтөбүз деп турабыз», — деди Аттокурова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2011-жылы «мектеп авариялык абалда, жер титирөөгө туруштук бере албайт жана санитардык нормаларга жооп бербейт» деген корутунду чыгарган. Бирок ага карабастан Билим берүү жана илим министрлигинен келген комиссия мектепти «анчалык кооптуу эмес» деп тапкан.

«ӨКМден “жаңы мектеп салуу” деген корутундусу чыккан. ӨКМден жараксыз деп табылган ондой мектебибиз бар. Бул мектептер боюнча өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине кат жазганбыз. Министрликтер аралык комиссия келип, текшерип кетти. Текшерүүдө “анчалык кооптуу эмес” деген корутундусу бар», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.

Мектеп директору Асанбек Эрмековдун айтымында, ал бул маселе боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Жогорку Кеңешке, билим берүү жана илим министрине жана президентке кайрылган. Бул кайрылуулардан кийин 2018-жылдын аягында архитектура башкармалыгы мектепти республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине сунуштаганын билдирген.

Бирок азырынча жаңы мектеп качан курулаары белгисиз бойдон калууда. Анткени каражат маселеси дагы деле чечиле элек.

Расмий маалыматка ылайык, Сузак району боюнча жалпы 113 мектеп болсо, анын он бирине ӨКМдин «авариялык абалда» деген корутундусу берилген. Ал эми жалпы өлкө аймагында коопттуу 242 мектеп бар. Жаңы имараттардын курулушу жана ремонту үчүн 13 млрд сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Тема боюнча:

Нарындын Таш-Дөбө айылында балдар беш жылдан бери авариялык мектепте окуп жатышат

Талас: Окуучулар авариялык абалдагы мектепте окууга мажбур — имарат 10 жыл мурда эле кооптуу деп табылган

«Басып калбаса экен». Жумгалда окуучулар 82 жыл мурда курулган авариялык мектепте окууга аргасыз