Нарын облусундагы Таш-Дөбө айылындагы мектеп беш жыл мурда, тагыраагы 2014-жылы эле авариялык абалда деп табылган. Мектептин имаратында окутууга тыюу салынган.

Миңден бир аз көбүрөөк калкы бар айылда мектеп курагындагы 365 бала бар. Алардын бардыгы жогоруда аталган окуучулардын жарымына гана ылайыкталган авариялык мектепте билим алышат.

Мурдараак мектепте орун көп болгон. Мектептин эки корпусу бар болчу, кийинчерээк бирөөсү абалы начар болгондон улам жабылган. Бирок, буга карабастан авариялык абалдагы корпусту китепкана жана ашкана катары колдонулууда.

«Мунун бардыгы убактылуу»

Окуучулар эки нөөмөт менен тар класстарда окууга аргасыз. Бирок бул жаңы мектеп курулганга чейин деген убактылуу чечим болгон.

2016-жылы айылда жаңы мектеп курула баштап, бирок аягына чыкпай калган. Анын имараты учурда курулуп бүтө элек, ошондуктан азырынча ал дагы окуучулар үчүн жараксыз.

«Убактылуу мектепте» шартты жакшырта туруу үчүн имарат 2019-жылы жылууланган. Анткени менен мектепте орун көбөйбөй, окуучулар бир партада үчтөн отуруп окушат.

«Мектеп өтө эле тар, эч кандай талапка жооп бербейт. Класстарда окуучулар көп болгондуктан сабак өтүү өтө эле кыйын. Ал эми ийримдерди уюштурууга эч кандай шартыбыз жок. Спорт зал да жок болгондуктан дене тарбия сабагы эшикте эле өтүлөт», — дейт мектеп директорунун орун басары Жылдыз Исаева.

Жаңы мектеп 2016-жылы курулуп баштап, учурда биринчи жана экинчи кабатынын дубалдары тургузулган. Мектептин курулушун «Бек Курулуш» компаниясы жүргүзүп келген — аларга мамлекеттик бюджеттен 55 млн сом бөлүнүшү керек болчу. Бирок, мамлекет 22 млн сом гана бөлүп бергендиктен, компания ресурстардын жоктугунун айынан имаратты курууну аяктай албай келет.

Акыркы жолу курулуш үчүн акча эки жыл мурда бөлүнгөн — беш миллион сом өлчөмүндөгү каражат. Капиталдык курулуш башкармалыгынын Жумгал району боюнча адиси Темирбек Сапаралиев 2019-жылы мектептин курулушун улантууга эч кандай акча каражаты бөлүнбөгөнүн айтат.

«Учурда имараттын биринчи жана экинчи кабаты бүткөрүлгөн. Бирок бүткөнүнө эки жыл болду, ошондон бери чатыры жабыла элек. Эгерде чатырын жаап бүтүрбөсө кирпичтери бузулуп, жараксыз абалга келиши мүмкун. Анын натыйжасынжа имарат кулап калуу коркунучуна дуушар болот», — дейт райондук адис.

Ысык тамак берилет, бирок азыр эмес

Жумгал району боюнча жалпы 24 мектеп болсо, алардын он жетиси гана ысык тамак менен камсыздалган. Ал эми калган жети мектепке ысык тамактан чай, булочка, кекс же коржик гана берилет. Таш-Дөбөдөгү мектепте да ысык тамак берилбейт.

Жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мектеп авариялык абалда болгондуктан ысык тамак-аш менен камсыздалбайт.

«Таш-Дөбө айылын “Ысык тамак” боюнча долбооруна киргизүү үчүн биз болгону мектептин курулуп бүтүшүн гана күтүп жатабыз. Себеби, авариялык абалда деп табылган имаратта аны уюштура албайбыз. Долбоордун негизинде ашканага суу киргизилет, ашканага керектүү эмеректер, аспаптар алынат. Ошого мектептин бүтүшүн күтүүдөн башка эч нерсе кыла албыйбыз», — деп түшүндүрүштү бизге администрациядан.

Азырынча мектепте суу түтүгү жана жылытууга байланыштуу көйгөйлөр бар. Окуучулар имараттык авариялык бөлүгүндө жайгашкан ашканага баруудан коркушат — ал жактын дубалдарында жаракалар бар, полу чирик жана отургучтар жетишсиз. Ал эми ашпозчу Карлыгач Шамуратова иш убактысын толугу менен ошол жакта өткөрөт — 5500 сомдук айлыгы үчүн ал тамак даярдап, жыйнаштырып, суу ташыйт.

Таза суу жоктугунан улам ашпозчу сууну ташып келүүгө аргасыз. Суу 2,5 километр алыстыкта бар — негизинен Шамуратова сууга машина менен барып келет. Бирок кээде жөө барып келүүгө аргасыз болот — ашканада болсо ага күнүнө 200 литр суу керектелип турат.

«Азыр сууну унаа менен ташып жатабыз. Унаага болсо күйүүчү майды өз акчабызга эле куябыз. Ал эми кышында болсо суу чоргосу иштебей калат. Айла жок айылдын четиндеги сайдан суу ташып келүүгө туура келет. Ал эми ошол эле сайдан мал дагы суу ичет. Бул абалды айыл тургундарынын баары эле билет. Бирок айла жок. Эмне кыла алабыз?» — дейт Шамуратова.

ТЕМА БОЮНЧА: