«Жакшы ата». Ошто күйөөсү унаасы менен сүйрөгөн аял тосмо арыз жазды

Ош шаардык соту 20-январда аялын унаасы менен сүзүп, андан кийин бир нече метрге сүйрөөгө шектелип жаткан кишини үй камагына чыгаруу өкүмүн кабыл алды. Соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, жабырлануучу тосмо арыз жазып окуя үй-бүлөсүнүн макулдугусуз ЖМКларга тарап кеткендигин айткан.

«Жабырлануучу жолдошунун үй-бүлөдө жакшы ата экендигин, үй-бүлөсүн жүргүнчүлөрдү ташып баккандыгын айтып, айыпталуучуну үй камагына чыгарып берүүсүн суранган өтүнүч менен кайрылган», — деп билдирди Осмонкулов.

Мындан тышкары, соттон судья шектүүнүн бөгөт коюу чарасын кароодо анын өздүгүн аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жеринин бар болгондугун, жашы жетпеген үч баласынын бардыгынын жана үй-бүлөдө жалгыз багуучу экендигин эске алганын кабарлашты.

Жабырлануучу «Турмуш» басылмасына жолдошу 16-февралда «мончодон эмнеге кеч келдиң» деп унаасы менен сүзүп, андан кийин колунан кармап бир нече метрге чейин сүйрөгөнүн кабарлаган. Андан кийин күйөөсү окуя болгон жерден унаасын айдап кетип калганын айткан.

Аялды шаардык ооруканага мончого чогуу барган курбулары жеткирген. Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун баш мээси чайкалган. Ал журналисттерге күйөөсү менен 25 жылдан бери чогуу жашаганын жана алардын ортосунда беш бала бардыгын кошумчалаган.

Ош ШИИБи аялдын күйөөсүн 19-февралда кармап, окуяга байланыштуу «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган.