Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылы чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары өлкөгө 2 миллиард 407 миллион АКШ долларын которушту. Ал каражаттардын дээрлик 90%ы Орусиядан келген — 2 миллиард 358,4 миллион АКШ доллар.

АКШнын өзүнөн кыргызстандыктар мекенине 30,7 миллион доллар которушкан. Калган мамлекеттерден өлкөгө 15,4 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Ал эми 2018-жылы Кыргызстанга 2 миллиард 685,4 миллион доллар которулган — бул жылга салыштырмалуу 2019-жылы акча котормолор 278,4 миллион долларга же 10 пайызга төмөндөдү.

Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан 554,5 млн доллар чет жакка чыгарылган — анын 547,6 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир графика менен: Экспорт менен инвестицияларга караганда мигранттар которгон акча көбүрөөк

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт