Магнитогорсктогу үйдүн жарылышы. Теги кыргызстандык далилдердин жоктугунан улам бошотулду

Зайнобиддинов кыйноолордон улам кабыргалары кайсы жеринде туура эмес өсүп кеткенин көрсөтүп жатат. Сүрөт: «Азыркы учурдун» видеосунан алынган скриншот

2018-жылы Магнитогорсктогу үйдү жардырууга катышкан деген шек менен кармалган Хусниддин Зайнобиддинов далилдердин жоктугунан улам 10-февралда эркиндикке чыкты.

Зайнобиддинов «Озодликке» курган маегинде Москвага «адилеттик издеп» барганын жанан ал жакта укугун калыбына келтирүүнүн үстүндө иштей турганын айткан. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу үчүн Европа сотуна чейин барууга даярдыгын билдирди.

Анын айтымында, ал депортациялык лагерден акча жана документтери жок бошотулган.

«Мени ушунчалык адилетсиз кордошту, денемдин бардыгын сындырышты. Мени көрүп чоочуп кетмексиңер. Орусияда кандайдыр бир мыйзамдар болушу керекпи?! Москвага адилеттик издеп келдим», — деп билдирди ал.

Зайнобиддиновдун айтымында, кыйноолордун айынан анын бир нече кабыргасы туура эмес өсүп кеткен, ички органдары бузулган жана мурду сынган. Зайнобиддиновдун айтымында, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери ага белгисиз адамдардын сүрөттөрүн көрсөтүп, үйдү жардырууну моюнга алуусун талап кылышкан.

«Алгач суу куюп, [электр тогун] күйгүзүп, суракка алышат. Алар мени суракка алып, токко тарттырып, андан кийин кулагыма [электроддорду кошушту], эс учумду жоготуп коюпмун, андан кийин эмне болгонун билбейм. Мени жада калса убактылуу кармоочу жайга да алышпады, мен ал жакка алып барышканда “мунуңар өлөт” деп айтышты. Андан кийин дагы бир жакка алып кетип, берип салышты, ФККчылар. “Кимсиңер” деп сурадым алардан. Мага бул ФККчылар дешти», — дейт Зайнобиддинов.

Зайнобиддинов ким тарабынан кыйноого алганын так билбейт — аны суракка алгандар өздөрү тааныштырышкан эмес жана анын башына кап кийгизип коюшкан. Анын айтымында, аны электрошокер менен урушуп, электрогенератордун сымдарын колдорунун манжаларына туташтырышкан.

Магнитогорсктогу урап түшүп калган босого. Сүрөт: ТВ Центр

2018-жылдын аягында Магнитогорктогу көп кабаттуу үйдө эки жардыруу болуп, натыйжада 39 адам каза тапкан. Зайнобиддинов 2019-жылы 16-январда дүкөндөн чыгып келатканда бет кап кийген кишилер кармап кеткенин билдирген.

Ал Челябинскте жашап, ашпозчу болуп иштеп жүргөнүн, ал эми Магнитогорскко жубайы жана ымыркайы менен конокко келгенин айткан.

Зайнобиддиновдун айтымында, кармалгандан кийин эле аны «шаардын четиндеги жеке менчик имараттын жертөлөсүндө суу жана тамак бербей мыйзамсыз үч күн кармашкан». Мындан кийин адвокаттар аны кабыргалары сынган жана көк ала абалда ФККнын абагынан табышкан.

2019-жылы июлда Зайнобиддинов ФККнын изоляторунда жети ай кармалган соң бошотулган. Андан кийин полиция кызматкерлери аны үстүбүздөгү жылдын февралына чейин, жарым жылга депортациялык лагерьге жөнөтүшкөн.

ФККнын кызматкерлери зомбулук колдонуу менен коштолгон суракка тиешелери жоктугун айтышкан. Мындан тышкары, алар сотто «Новая газета» басылмасынын Зайнабиддиновдун үстүнөн болгон кыйноо тууралуу материалын сотто төгүндөшүп, андан соң макала бөгөттөлгөн.