Юрист Матраимовдор тууралуу иликтөөдөгү фактылар боюнча УКМК аракет көрбөй жатат деп арызданды

Юрист Нурбек Токтакунов Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал Башкы прокуратура менен УКМК Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюусу тууралуу журналисттик иликтөөдөгү фактыларды иликтебей жатат деп билдирген. 4-мартта сот анын арызын карап чыгып, укук коргоо органдарынын аракетсиздигин таануудан баш тарткан.

Токтакунов соттун баш тартуусуна нааразы болгон. Ал УКМК менен Башкы прокуратура Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун «Мыйзамсыз баюусу» боюнча арызын КЖБРге катташы керек деп эсептейт.

«Журналисттер [мыйзамсыз байыган] факттарын аныкташкан. Бир жагынан бул сөз эркиндиги. Мыйзамсыз баюу фактылары боюнча канайдыр бир чаралар көрүлүүсү башка маселе. Чара көрүү укук корго органдарынын милдети, бирок андай болбой жатат. Биздин система иликтөөлөрдүн маани-маңызын жокко чыгарып жатат», — дейт юрист.

Бирок Абдуразак Боромбаев юристке баш тартып, Матраимовдун үй-бүлөсүнүн байлыгынын күмөндүү келип чыгышы тууралуу журналисттердин жүйөөлөрүн Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар жана Түркиядагы ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү тууралуу иликтөөнүн алкагында иликтесе болот деп эсептеди.

Токтакуновдун айтымында, Матраимовдун «мыйзамсыз баюусу» — анын Дубайдын кымбат баалуу райондорунун бириндеги кымбат кыймылсыз мүлкү, аялынын люкс кийим-кечелери менен буюм-тайымдары, кайрымдуулук ишмердиги жана спорт турнирлерине салган ири каражаттары өзүнчө кылмыш ишинде каралышы керек.

Ал Башкы прокуратура менен УКМК анын арызын КЖБРге каттагысы келбей жатат, анткени бул учурда алар мурдагы мамкызматкердин байлыгынын булагын негиздеши керек болот деп эсептейт.

«Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кантип меценат наамын ала алсын? Ал ири спорт турнирлерин уюштуруп, саясатчыларга каржы жактан жардам берет. Матраимов шайлоо алдындагы жарышууда Жээнбековго жардам бергенин баары эле билет», — дейт юрист.

Бул сот Башкы прокуратуранын аракетсиздигин тааныгысы келбей жаткан биринчи гана эле учур эмес. 2019-жылдын декабрынын аягында Октябрь райсотунун судьясы Бекболот Жаналиев да Токтакуновдун арызы боюнча баш тарткан.

Матраимовдун байлыгы тууралуу иликтөө

Өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген журналисттик иликтөө чыгарышкан.

Иликтөөдө бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Матраимовдун кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу Кытайдан Борбор Азияга жана Орусияга кетчү көмүскө жүк ташуу империясын түзгөн.

Журналисттердин маалыматчысы — ноябрда киши колдуу болгон Айэркин Саймаити — Абдукадырдын бизнесинен 700 млн долларынын изин жашырууга жардам бергенин мойнуна алып, Матраимов бажыдагы коррупцияны калкалаганын билдирген. Өз кезегинде бул Абдукадырдын көмүскө бизнесинин иштешине мүмкүндү берген.

Мындан тышкары, иликтөөдө Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна инвестиция кылганы тууралуу айтылат.

Матраимовдор журналисттерди үй-бүлөнүн кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирди деп айыптап, «Азаттык» менен «Клоопту» сотко берген.

Алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клооптон» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар), ал эми Али Токтакуновдон 10 млн сом (142,2 миң доллар) компенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Соавтору: Севинчим Махмудова