Кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдар коронавируска байланыштуу жабылат

Республикалык штабтын 16-мартта болгон жыйынында түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар жана соода-көңүл ачуучу борборлордогу балдар үчүн оюн аянтчалары профилактикалык максатта убактылуу жабылары айтылды.

Ал эми соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу тармактарында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлерге убактылуу чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана ага катышуудан кармануу сунушталат. Ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан имараттарына дезинфициялоочу каражаттарды жана абаны тазалоочу жабдыктарды орнотуу сунушушталды.

Республикалык штабтын жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук тамактануучу жайларды, мечиттерди, коомдук транспортту дезинфекциялоо боюнча иштерди улантуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле коомдук колдонуудагы жерлерди, базарларды дезинфекциялоо иштерин уюштурууну камсыздоо тапшырылды.

Буга чейин Коопсуздук кеңеш мектептер менен университеттерди 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабуу чечимин кабыл алган. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жуктургандар катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Бүгүнкү күндө коронавирус дүйнөнүн 155 өлкөсүндө аныкталды. Вирус 182 405 адамга жуккан: алардын 7 154ү каза болуп, 79 433ү оорудан сакайып кетишти.