Мектептер менен ЖОЖдор үч жумага карантинге жабылат

Коопсуздук кеңеш мектептер менен университеттерди үч жумалык карантинге жабуу чечимин чыгарды. Карантин 16-марттан тарта башталат. Расмий маалымат боюнча, азырынча Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок.

Буга чейин коңшу Казакстанда да мектеп окуучулары 16-марттан 5-апрелге чейин каникулга коё берилген. Андан көп өтпөй эле өлкөдө вирус жуктургандардын алгачкылары тууралуу белгилүү болгон.

«“Коронавирус Кыргызстанда жок” дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумунда.

Мектептерди карантинге жабуу сунушун парламенттин отурумунда депутат Тазабек Икрамов да айтып чыккан, бирок бийлик азырынча андай план жок деп билдирген болчу.

Бийлик окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чечимин кабыл алышканы менен эл каттоо жана жергиликтүү кеңешке шайлоонун мөөнөттөрү жылдырыла элек. Бирок БШК шайлоолорду коопсузураак мөөнөткө жылдыруу боюнча маселени карап жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: