«Тулпар» ишканасынын алдындагы кезек. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов

Кыргызстанда 3 жарандан коронавирус аныкталгандан кийин Ош шаарындагы «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасынын алдында узун кезек пайда болду.

Унга болгон суроо-талап өткөн аптанын дем алыш күндөрү жогорулаган. Мындан улам алып сатарлар ундун баасын 200-500 сомго чейин кымбат сатууга үлгүрүшкөн. Ош ОИИБи аталган соодагерлерди аныктап, алардын аракеттери иликтенип жатканын кабарлаган.

Буга чейин Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев аталган ишканада 200 тоннадай ун бардыгын айтып, дагы 300 тонна алынып келинет деп ишендирген. Ал эми ундун баасын негизсиз көтөргөндөргө карата укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара колдонулаарын айткан.