Ош милициясы унду кымбат баада саткандардын аракеттерин иликтөөдө

Ош шаарында өткөн ишембиде ундун баасы кескин кымбаттаган. Бирок эртеси жергиликтүү бийлик бааны көзөмөлгө алып, аны кымбаттаткан ишкерлерге чара көрүлөөрү айтылды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, айрым соодагерлер ун комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, өз алдынча 1800 сомго чейин сатып жаткандары аныкталган.

Видео: Ош шаарынын мэриясы

«Мен “Тулпар” ишканасынанан келип жатамын, ал жерде эрте менен 200 тонна ун турган экен. [Ундун баасын] алып саткандар эле көтөрүп чыгышыптыр да. Алар унду кымбат баада эми сата албайт, бардыгын көзөмөлгө алабыз. Элдер, силер дүрбөлөңгө алдырбасаңар. Азыр 500 тонна буудай бар экен, тегирменди иштетип баштады. Жолдо дагы 300 тонна ун жана 1000 тонна буудай келе жатат», — деди калаанын мэри Таалайбек Сарыбашев шаар тургундары менен болгон жолугушууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, калаада катталган фактылар боюнча материалдар топтолуп жатат. Бирок иштин материалдарын милиция Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүп берет.

Ун Ош облусунун аймактарында да кымбат баада сатылган. Ал эми 15-мартта өткөн жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбашов ундун баасы жасалма жол менен жогорулаганын маалымдаган.

«Ундун баасы боюнча тынчсыздануу жасалма жолдор менен пайда болгон. Кооптонууга негиз жок. Кырдаал көзөмөлгө алынган, чек аралар ачык. Биздин кызматкерлер ишкерлер жана соодагерлер менен бааларды жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — деди Айбашов.

Ош ОИИБи Кара-Суу жана Ноокат райондорунун айрым айылдарында ундун баасын негизсиз жогорулатып саткандарды аныктап, алардын аракеттерин иликтей баштады.

Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» маалымдагандай, ундун баасын кымбат баа менен саткандарга Бузуулар жөнүндө кодексинин «Бааларды негизсиз жогорулатуу» жана «Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу» беренелер менен айыппул салынышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал эми унду кымбат баада саткандардын кирешелери 100 миң сомдон ашса аларга карата Жазык кодексинин «Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө» беренеси менен чаралар көрүлүшү ыктымал.

Буга чейин экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек шаарынын «Көлмө» калктуу коңушундагы базарда унду кымбат баада саткан ишкерлерге карата «Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.