ДССУ: Коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууга бир жылдан кем эмес убакыт кетет

Республикалык штабдан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунуна таянып коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет деп билдиришти.

Аталган маалыматты ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан Би-Би-Синин «Эндрю Марранын Шоусу» телеберүүсүндө кабарлаган.

«Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде Америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат», — деп айткан Райан.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы 14 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция