Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаалдын жол-жобосу

Дүйнө жүзүнө таркап жаткан коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай учурда кандай тартипти кармануу керектигин, өзгөчө кырдаал режиминин жол-жобосу тууралуу баяндап беребиз.

Аймактарга кирип-чыгуу тартиби

Аймактарга санитардык-эпидемиялык блок-посттор орнотулгандан кийин негизинен үйдөн чыкпай отуруу сунушталат. Бирок зарыл себептер болсо аталган посттордон өтүп турууга мүмкүн. Бирок постто турган кызматкерлер сизден кирип-чыгууңуздун себебин сурашат.

Ал эми аталган посттордон таштанды чогултуучу унаалар, инкасаторлор, азык-түлүктөрдү, элге керектүү товарларды, дары-дармектерди ташуучу транспорттор тоскоолдуксуз өтө алышат.

Шаардан сырткары жашап, бирок иши шаардагыларга аралыктан иштөө сунушталат.

Коронавирус катталбаган аймакта, айыл же шаар ичи болобу тургундар тоскоолдуксуз жүрө алат. Карантинге чыкпаган жана иштөөгө тыюу салынбаган ишкана ээлерине аралыктан иштөө тартиби же жумушчулардын санын кыскартуу сунушталат.

Билим берүү

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы төртүнчү чейректи аралыктан окутуп жаткандыктан, окуу жайкы каникулга жылдырылбайт. 1-11-класстын окуучулары тест тапшыруу тууралуу жана окуу материалдары менен министрликтин сайтынан тааныша алышат. Бүтүрүү сынактарын жана жалпы республикалык тестти өткөрүү үчүн атайын өзүнчө ыкмалар берилет. Ал эми ЖОЖ менен коллеждин студенттери да онлайн окууга өтөт. Чет жактан келип, үйлөрүнө кете албай калган студенттер жатаканада калып билим алышса болот.

Коомдук транспорт

Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Көтпөгөн муниципалдык транспорт жана жеке менчик маршруттук таксилер убактылуу иштебейт. Шаарларда негизинен жүргүнчүлөрдү такси кызматы ташып жатат.

Соода-сатык

Ири оюн-зоок борборлору, азык-түлүк сатпаган базарлар, спорт залдар, сулуулук салондору, мончолор жабылды. Бирок азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштейт. Ал эми кафе-ресторандар жеткирип берүү кызматы менен иш алып барышат. Шаарлардагы дарыканаларда да үйгө жеткирүү кызматы бар.

Мамлекеттик кызматтар

Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет. Оорукана жана амбулатордук клиникалар да кадимки тартипте иштеп жатышат. Эгер тургундар өздөрүн начар сезсе ооруканага барбай эле, 112, 103, 118 номерлерине кабарлоосу сунушталат.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору (КТБлар), «Унаа» мамлекеттик ишканасы график боюнча иштейт. Коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуучу мекемелер да кадимки тартипте иштешет. Бирок Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жарандарды кабыл алууну чектешет.

Айлык акы, пенсия жана пособия

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет.

Банктар

Көпчүлүк банктар иштейт, бирок банк ичиндеги бөлүмдөрдүн кызматкерлери кыскартылып, же таптакыр карантинге жабылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал киргизилген учурда онлайн-банкинг же банкоматтарды пайдалануу сунушталат.

Жоопкерчилик

Кыргызстанда 50 адамдан ашык катышкан ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Мындай чаралар кыргыз өкмөтүнүн жана республикалык штабдын чечими менен коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат. Бардык көрсөтүлгөн тыюулар сакталышы керек, тыюну бузгандарга чаралар көрүлөт.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген жактарга VI категориядагы айып салынат же белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесине ылайык VI категориядагы айыптын көлөмү жашы жете электер үчүн — 1200дөн 1400гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка физикалык жактар үчүн — 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөр. Бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция