Коронавирус шарттаган өпкө илдетин аныктоочу экспресс-тест. Сүрөт: Искендер Матраимовдун фейсбук баракчасынан алынды

Депутат Искендер Матраимов фейсбук баракчасында «Исмаил Ата» фонду 29-мартта Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына коронавирусту аныктаган 10 миң экспресс-тест тапшырганын билдирди.

Мындан тышкары, ал иниси, бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 10 стационардык жасалма дем алдыруучу аппарат алып келүүгө буюртма бергенин жана алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө тапшырылаарын белгиледи.

«Фонддун ыктыярчылары аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз», — деп жазды депутат.

Буга чейин Матраимов «Исмаил Ата» фонду тарабынан Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун, Жалал-Абаддын Сузак жана Аксы райондорунун, Баткен облусунун аймактарынын жана Ош шаарынын жашоочуларына ун, өсүмдүк май жана беткап акысыз берилгенин кабарлаган. Мындан сырткары фонд 5 млн сомго медициналык беткап сатып алууга сынак жарыялады. Тигилген беткаптар муктаждарга берилери айтылууда.

Коронавирус шарттаган өпкө илдетине чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын түштүгүнөн аныкталды. Матраимовдор түштүктө таасирдүү үй-бүлө деп эсептелет. Оппозияциячыл саясатчылар жана жарандык активисттер өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап келишет.

Матраимовдун байлыгы тууралуу иликтөө

Өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген журналисттик иликтөө чыгарышкан.

Иликтөөдө бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Матраимовдун кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу Кытайдан Борбор Азияга жана Орусияга кетчү көмүскө жүк ташуу империясын түзгөн.

Журналисттердин маалыматчысы — ноябрда киши колдуу болгон Айэркин Саймаити — Абдукадырдын бизнесинен 700 млн долларынын изин жашырууга жардам бергенин мойнуна алып, Матраимов бажыдагы коррупцияны калкалаганын билдирген. Өз кезегинде бул Абдукадырдын көмүскө бизнесинин иштешине мүмкүндү берген.

Мындан тышкары, иликтөөдө Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна инвестиция кылганы тууралуу айтылат.

Аталган иликтөөдөн кийин 25-ноябрда Бишкектин борборунда коррупцияга каршы «Re:Акция» жарандык акциясы өттү. Митинг 1000ден ашуун адамды чогултту. Анын катышуучулары бийликтен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоону жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн үстүндө иштеген «Клооп» жана «Азаттык» радиосунун журналисттерин коргоону талап кылышты.

Көп өтпөй Матраимовдор журналисттерди үй-бүлөнүн кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирди деп айыптап, «Азаттык» менен «Клоопту» сотко берген. Алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клооптон» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар), ал эми Али Токтакуновдон 10 млн сом (142,2 миң доллар) компенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Тема боюнча:

Талкууга түшкөн Матраимовдордүн үй-бүлөсү. Эмне үчүн мындай болуп атканын жана алар эмне иш кылышаарын түшүндүрөбүз

Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?