Солдо Искендер Матраимов, борбордо анын иниси Райымбек. Кара-Суудагы спорт турнири учурунда

Эмне болду?

Соңку бир нече апта ичинде Матраимовдордун фамилиясы ЖМКларда байма-бай аталып жатат. Бул үй-бүлөнүн ишмердиги өлкөнүн парламентинде да талкууланып, айрым депутаттар Матраимовдорду ээлеген кызматтарынан кетүүлөрүн талап кылып, андан тышкары, укук коргоочулар коррупцияга каршы митингдерди өткөрүүнү убада кылышууда.

Матраимовдордун эмне иш кылышаарына «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин өзгөчө көңүл бурула баштаган. Иликтөөдө бул үй-бүлөнүн Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир тууган Матраимовдордун бирөөсүнүн мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү финполго эки жолу тапшырган. Текшерүү беш ай мурда эле башталган, бирок азырынча тергөө алдын ала жыйынтыктарды ачыктай элек.

Матраимовдор иликтөөнү «буйрутма» деп аташып, үй-бүлөнүн айланасындагы жаралган абалды экс-президент Алмазбек Атамбаев саясатташтырганын билдиришкен.

Бирок бул жерде Атамбаев менен Жээнбековдун кандай тиешеси бар?

Атамбаевдин ысымы Матраимовдор тарабынан учурда экс-президент өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун башкы саясий каршылашы болгондуктан аталууда.

Жээнбеков 2017-жылдагы шайлоодо Атамбаевдин мураскери болгон, бирок Жээнбеков өлкө башчысы кызматында иштеп баштагандан жарым жыл өткөн соң эки саясатчынын ортосунда араздашуу башталган жана ал азыркыга чейин уланууда.

Атамбаев бир нече жолу Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар экенин, ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп айткан. Бирок президент да, Матраимовдор да алардын ортосундагы жакын мамилени ырасташкан эмес.

Матраимовдор эмне иш кылышат?

Матраимовдордун үй бүлөсүү жетишээрлик чоң жана Кыргызстандын түштүгүндө эң эле таасирлүү деп эсептелет. Бул үй-бүлөдөгү төрт бир тууган мамкызматта жогорку кызматтарды аркалашат же аркалашкан.

Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимов

Бир туугандардын ичинен Райымбек Матраимов эң эле көп талкууга алынууда. Ал Бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп дээрлик эки жыл иштеген. Журналисттер 2017-жылы аткаминерден баалуу мүлк табышкан, бирок анын расмий кирешеси жылына 8,5 миң доллардан ашык эмес эле.

Атамбаев Райымбекти президенттиктен кеткенден кийин коррупция боюнча айыптай баштаган. Ал Матраимовду бажы кызматынан дал өзүнүн тапшырмасы боюнча бошотулганын билдирген. Бирок Райымбек кызматынан бошотулгандыгынын айынан өкмөттү сотко берип, аны утуп алган. Мындан кийин аткаминер кызматына кайтып барбасын билдирген. Ал мыйзамсыз бошотулгандыгын далилдөө үчүн гана өкмөттү сотко бергенин айткан.

2019-жылдын май айында Райымбек экс-президентке арналган видеокайрылуу чыгарып, андан өзүн жана анын үй-бүлөсүн каралоону токтотуусун талап кылган. Мындан тышкары, ал Атамбаев менен күрөшүүгө «күч-кубаты жетишээрлик» экенин кошумчалаган.

Искендер Матраимов

Искендер Матраимов

Искендер Матраимов 1991-жылдан тарта мамкызматта иштеген, ал эми 2015-жылы КСДПнын атынан парламентке депутат болуп келген. Эл өкүлү деген макамы бар экенине карабастан, Матраимов анда-санда гана интерью берип, парламентке чыгып сүйлөйт. Ал анткени менен «Азаттыктын» иликтөөсүнө абдан кеңири жооп берген.

Анын айтымында, иликтөөдө анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдөн чыгарылып кеткен акчаларга тиешеси бардыгын далилдеген маалыматтар жок. Депутат үй-бүлөсүнүн айланасында болуп жаткандарды «саясий буйрутма» деп атаган. Бирок саясатчы эгерде укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиттеттеги кызматында кызыкчылыктар кагылышы аныктала турган болсо бул кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Исламбек Матраимов

Исламбек тууралуу маалымат аз — 2019-жылдын мартына чейин ал финполдун ички иликтөөлөр башкармалыгынын начальниги болгон. Дал ушул кызматка Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү тапшырмасы берилген жана финполдо бул нерседе кызыкчылыктар кагылышы жок деп эсептешкен. Бирок журналисттердин иликтөөсүнөн кийин Исламбек кызматынан кеткени белгилүү болгон.

Тилекбек Матраимов

Тилекбек Матраимов

Тилекбек — Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими. Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн баары ушул эле райондо туулуп өсүшкөн. Тилекбек 1-май күнү Кара-Суу районунда атасы Исмаил Матраимовдун урматына арналган спорттук турнир ачкан жана бул турнир коомдо кызуу талкуу жараткан.

Матраимовдор турнирге жогорку кызматтарды ээлеген аткаминердерди чакырышкан. Иш-чарага парламенттин спикери Дастан Жумабаеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана башка ондогон Жогорку Кеештин депутаттары барышкан.

Турнир жөнүндө маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып, мамкызматкерлер мыйзамдар мындай иш-чараларга барууга тыюу салбайт деп актана башташкан.

Русланбек Матраимов

Русланбек — бир тууган Матраимовдордун кичүүсү жана ал бизнесмен болуп иштейт. Ал Исмаил Матраимов атындагы фонддун жана дагы бир нече компаниянын жалгыз жетекчиси жана түзүүчүсү.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө Руслан Матраимов бажынын «тескөөчүсү» деп аталган. Матраимов өзү муну иликтөөнүн автору менен сүйлөшүү учурунда четке каккан.

Матраимовдордун бизнеси менен мүлктөрүн текшерүүнүн шартында парламенттин депутаты Ирина Карамушкина билдирүү жасаган. Ага ылайык, Русланбек финансылык чалгындоонун (ред. — бул финансы полициясы эмес) башчы Гүламжан Анарбаевдин бир тууган карындашынын күйөөсү.

Чынара Матраимова

Чынара Матраимова тууралуу көп деле маалымат жок. «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылгандай, Чынара бир тууганы Русланбек менен чогуу Өзбекстандан жүк ташып иштейт — алар үчүн бажы алымын төмөндөтүшөт өңдүү жана ушундан улам Матраимовдор жүк ташуу базарын монополдоштуруп алышкан.