Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылды — Билим берүү министрлиги

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылганын маалымдады.

«Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат», — деди Жусупбекова.

Буга чейин өкмөт Коопсуздук кеңештин сунушу менен 16-марттан 8-апрелге чейин мектептерди жана жогорку окуу жайларды карантинге жапкан болчу.

Ошондой эле Жусупбекова 8-апрелден тарта мектеп окуучуларын 4-чейректи аралыктан окутуу үчүн министрлик тарабынан даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар», — деди Жусупбекова.

Мектепке даярданып жаткан жана 1-4-класска чейинки окуучуларга «Баластан» телеканалында билим берүү стандарттарынын негизинде видеосабакатар берилет. Учурда алар тартылып жатат.

Ал эми 5-класстан 11- класска чейинки окуучулар үчүн сабактар «ЭлТР», «Илим-Билим», «Пирамида» жана «5 канал» телеканалдары аркылуу көрсөтүлмөкчү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция