18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын алгачкылары белгилүү болгондон кийин өкмөт коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсеп ачкан.

Бир нече ЖМК 23-март күнү бул фондго бир бизнесмен 7 млн сом которгонун жазып чыккан. Кийинчерээк Даниэль Ажиев өзүнүн социалдык тармактардагы барагынан аталган ишкер ал өзү экенин кабарлаган. Мындан тышкары, Ажиев адамдарга гумжардам таратып жүргөнү тартылган видеону жарыялаган.

Вебкам бизнесмен

Ажиев кайрымдуулук иши тууралуу билдирүү жасаганына карабастан, көптөгөн колдонуучулар анын Инстаграмдагы баракчасындагы комментарийлерде ишкерди кескин сынга алышкан.

Даниэль Ажиев 2018-жылы батиринде вебкам студия уюштурганы үчүн кармалган. Тасмага тартуулардан кийин ал телефонунда кыздардын иштеп атканы тартылган видео бар экенин айтып коркуткан.

Вебкам студиянын уюштуруучуларына каршы «Порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал күнөөсүн мойнуна алып, Октябр райсотунун чечими менен 30 миң сомдук айыппулга жыгылган.

Видеокайрылуу

Даниэль Ажиев 25-мартта Инстаграмында Storiesтердин сериясын чыгарып, анын мурдагы иши тууралуу айткан колдонуучулардын сындарына жооп берген.

«Кыргыз эли, силер “конченный далбоебсуңар”, бүл алты миллиондун баары! Адамга жардам бериш үчүн мен сөзсүз түрдө халал боюнча иштешим керекпи? [...] Силер жолу жок кишисиңер, силер айына 15 миң сом үчүн иштеп, ушундай акылдуу комментарийлерди жазасыңар. Эгер акылдуу болсоңор, анда эмне үчүн алты сандуу эмессиңер?!» — деп айткан Ажиев.

Бирок ошол эле видежазмаларда ал туура эмес сүйлөгөнүн жана барагына терс пикирлерди калтырып аткандар тууралуу гана айткысы келгенин түшүндүргөн.

Мындан тышкары, Ажиев порноишкерликти жүргүзүүнү жана вебкам студияларды уюштурууну улантып атканын мойнуна алган.

Ажиевдин шаардык кеңештин депутаты Токобеков менен болгон байланышы

Бизнесмен Даниэль Алиев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков

Ошондой эле, ал мурдагы досу, парламенттин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго кайрылган.

Алгач Ажиев депутатты ири суммада алган карызын кайтарбай жүрөт жана ар кандай көңүл ачуу жайларында менин эсебимен эс алган деп айыптаган. Андан кийин Ажиев Токобековдун шаардык кеңешке шайлоо учурунда элдин добушун сатып алып жатканына күбө болгонун билдирген.

«30 бала 1000 сомдон беришкени эсимде, силер 570 [Лексустары менен] кантип пачка-пачкалап 1000 сомдон таркатканыңар эсимде. Менин эсимде, мен жаныңарда жүргөм, силер ар бир адамга канчадан, кантип таркатып эмне сатып алганыңарды көргөм», — деген ал.

Ажиевдин сторисинин толук видеосу

Токобеков катышкан жол кырсыгы

Мындан тышкары, Ажиев 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долонотуу айлынын жанында Темирлан Токобеков кабылган жол кырсыгын эскерген — депутаттын BMW X7 кроссовери Lexus ES үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Авария болгон жерде тартылган сүрөт

Ал окуяда төрт адам ажал тапкан — Lexusтун айдоочусу менен жүргүнчүсү жеринде көз жумуп, дагы эки жүргүнчү Чолпон-Атадагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жан берген.

Ажиев жол кырсыгына Токобеков күнөөлүү деп айткан. Анын айтымында, авариядан кийин депутатка унаадан чыгууга дал өзү жардам берген. Ал Токобеков ошол түнү мас абалда болгонун белгилеген.

«Авария боюнча ошондон талап кылгыла, анткен ошол коток “Газуй!” деп бакырган болчу», — деп жазган Ажиев.

Ысык-Көл ОИИБнин экспертизасынын жыйынтыгы боюнча, кроссовер саатына 60 км уруксат берилен жерден саатына 110 км ылдамдыкта келе жаткандыгынан улам жол кырсыгы болгону далилденген. Кроссовердин айдоочусу Элдияр Халмурзаев Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына алынган.

Каза тапкандардын жакындары рулда Токобеков отурганын айтып, ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын автоунаасы кайгуул милициясынын кызматкеринин талабына баш ийип токтобогун жана авариядан кийин Lexus ES машинасынан видеорегистратор жоголуп кеткенин билдиришкен.

Экинчи тарап машинанын рулунда Токобаев отурганын таанышкан эмес. Депутат менен анын унаасындагы дагы бир жүргүнчү баш мээси чайкалып, Бишкектеги ооруканага жеткирилген эле.

Авариядан кийин Темирлан Токобеков Бишкек шаардык кеңешинин бир да сессиясына катышпай, ошондой эле жүз берген окуяга байланыштуу журналисттерге бир да комментарий берген эмес.

Ал 2019-жылдын 26-ноябрында гана «Арча-Бешик» конушундагы «Стрит Воркаут» спорттук аянтчасынын ачылышында пайда болгон. Даниэль Ажиев өз кайрылуусунда муну да айтып өткөн.

«Мектеп үчүн футбол аянты, спорт шаймандары, спорт формасы, шахматтар жана планшеттер Токобековдун көмөгү менен сатылып алынды», — деп билдиришкен ошол учурда шаардык кеңештин басма сөз кызматы.

«Эң башкысы, эгер мени менен бир нерсе болуп кетсе, Токобеков Темирлан менен анын атасын күнөөлөгүлө», — деп айткан Ажиев.

Кармоо

ИИМдин басма сөз кызматы 27-мартта маалымдагандай, Даниэль Ажиев «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча кыргыздар тууралуу кемсинткен сөздөрдү айтканы үчүн кармалган.

«Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нараазычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ведомстводон билдиришкендей, Даниэль Ажиев видеокайрылуу жаздырып жаткан учурда марихуананын таасиринде болгон.

26-мартта Ажиев ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, күбө катары суракка алынган, ал эми бир нече саат өткөндөн кийин аны кармоо тууралуу токтом чыгарышкан. Ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк, Биринчи май райондук сот Даниэль Ажиевди Бишкектин ТИЗО-1инде кармоо тууралуу чечим чыгарган.

«Govori.TV» басылмасы 27-мартта өз сайтында Даниэлдин апасы Сайкал Ажиеванын видеокайрылуусун жарыялаган. Анда ал уулунун айткан сөздөрү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган.

Анын айтымында, Даниэль ката кетирген жана ал үчүн өкүнүп жатат. Ошондой эле ал Ажиевди бошотууну суранып президентке кайрылган, себеп дегенде анын камакта болуп аткандыгынан аймактарга гумжардамды жеткирүү кечигүүдө.

«Баламдын кетирген катасы үчүн сиздердин астыныздарга түшүп, кечирим сурайм. Баламды кечирип коюңуздар, балам жаш, кызуу кандуулукка алдырып ийди. Жети облуска кете турган жардам азыркы учурда фураларда турат. Ал өзү да кечирим сурап жатат. Ажобуз Сооронбай Жээнбеков калыс карап, бул маселени чечип берүүңүздөрдү суранам. Эл ушул жардамды күтүп жатат. Наны жок балдар, энелер бар, апалары таштап кеткен балдар бар. Баламды бошотуп берүүңүздү суранам», — деп айткан апасы.


24.kg басылмасы 8-апрелде Даниэль Ажиев адвокаттардын баш коргоо чарасын даттанууга жасаган аракеттерине карабастан камакта калтырылганын билдирген. Учурда Даниэль Ажиев 26-майга чейин ТИЗО-1 камакта болот.