Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта депутаттын уулу рулда отурган эмес деп туугандары билдиришти

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун туугандары кырсык болгон күнү ал жүргүнчү катары бара жаткан деп айтып чыгышты.

«МАИ кызматкерлери да, милиция да көрдү Темирлан ал жерде айдоочу эмес, жанындагы жүргүнчү катары келаткан. Мунун баарын саясатташтырып, көтөрө бергендин деле кажети жок болуш керек», — деп түшүндүрдү «Азаттыкка» өзүн Токобековдун тууганы деп тааныштырган Каныбек Жакшыбаев.

Темирлан Токобеков — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана парламентттин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Абжалиев Сооронбай Жээнбековго куда экени белгилүү.

Кырсык 7-июлда таңга маал Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон. BMW X7 үлгүсүндөгү машина Lexus ES унаасы менен кагышкан. Экинчи унаада төрт киши болуп, алардын баары каза тапкан.

BMWнын эки жүргүнчүсү ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Токторовдун мээси чайкалып, жамбашы сынганын айткан.

Буга чейин каза тапкандардын жакындары милиция кырсыкта Lexus ES машинасында бара жаткандарды күнөөлүү катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен.