Ала-Буканын тургундары колго залалсыздандыруучу жабдык жасашты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун эки тургуну колго залалсыздандыруучу туннель жасашты. Жабдык аталган райондогу аймактык оорукананын кире беришине орнотулду.

Демилгенин автору Медер Сулайманкуловдун айтымында, туннелди айылдашы интернеттен көрүп жасаган. Идеяны ишке ашырууга эки күн сарпталган жана керектүү каражаттарды сатып алууга 14 миң сом жумшалган.

Ала-Бука аймактык оорукананын башкы дарыгери Айнура Мырзалиева дезинфекциялоочу бөлмө 7-апрелде коюлгандыгын «Клоопко» кабарлады.

«Кабина заманбап мотор менен жасалыптыр. Ооруканага киргенде жана чыкканда ошол жайдан дезинфекцияланып анан өтүп жатышат. Ага коргоочу кийим менен киргенде дезинфекциялоочу суюктук чачырайт», — деди Мырзалиева.

Мырзалиева дарыгерлер 200 литр көлөмүндөгү идишке залалсыздандыруучу суюктукту даярдап куюп турушарын белгиледи.

Ала-Бука аймактык ооруканасы 1985-жылы курулуп, учурда 198 бейтапка орун каралган. Учурда аталган ооруканада жалпы 329 кызматкер иштейт.

4-апрелде аталган оорукананын беш дарыгери коронавирус жугузуп алганы белгилүү болгон. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги териштирүү башталганын маалымдаган. Ошондой эле оорукананын башчысы Бактыгүл Алибаева кызматынан бошотулуп, анын ордуна орун басары Айнура Мырзалиева келген. Буга оорукананын жамааты нааразы болуп, мындай кырдаалда аталган чечим туура эмес кабылданганын айтышкан.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирустун 298 учуру катталды — анын 39у медицина кызматкери. Жалал-Абад облусунда оору жуктургандардын саны 89 адамды түздү. Өпкө илдетине чалдыккан беш адам каза тапты, 39 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды.