Медиктерге кысым болбошу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кечирим сураган медиктин видеосу боюнча комментарий берди. Ал видеодо медиктердин бири коргоо каражаттары менен камсыздоо начар болуп аткандыгы тууралуу жалган маалымат бердим деп кечирим сураган.

«“Иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жанагыдай үстүнөн кысым көрсөтпөө боюнча иш жүргүзгүлө” деп айтып жатабыз. Алар кандайдыр бир маселени айтышы мүмкүн. Эртеси күнү телевизорго же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратуу негизи туура эмес», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, ведомство координаторлорго медицина кызматкерлерине кысым көрсөтпөш керектигин түшүндүрүп, алар менен тыгыз жумуш жүргүзүп жатат.

«Коронавируска каршы күрөшүүдө керек болгон коопсуздук деңгээлин камсыздаш үчүн биз жеке коргоо каражаттарын алаарыбыз менен дароо разнарядка [бир жакка жөнөтүлүүчү каражаттар тууралуу документ] түзүп, региондор боюнча жеткиребиз», — деп айтты министрдин орун басары.

Мурдараак, медиктердин бири твиттерде ага берилген бет каптын сапатына даттанган. Ал твит жарыялангандан кийин ага кысым болгонун айтып чыккан. Андан соң көп өтпөй эле анын аккаунту өчүрүлгөн.

12-апрелде ыктымал жалган маалыматы үчүн кечирим суроого мажбур болгон медиктин видеосу пайда болгон.

Мындан кийин депутат Дастан Бекешев жаш доктурга болушууга даяр экенин билдирип чыккан. Анын айтымында, ал бул боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Соцтармактардын колдонуучулары медикти колдоо үчүн флешмоб уюштурушкан — алар өздөрүнүн мурдагы жоруктарына жана айткан сөздөрүнө кечирим сурашкан.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр үчүн кысым

Бул дарыгерлер же алардын жакындары Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу болгон бардык ыктымал жалган билдирүүлөр үчүн кысым көрсөтүүгө даттанган биринчи учур эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен «фейк» маалыматтарды тараткан адамдар табылганы тууралуу бир нече жолу отчёт беришип, андан соң социалдык тармактарда алардын кечирим сурап жатканы тартылган видеолорду жарыялашкан.

Депутат Элвира Сурабалдиева ведомство медкызматкерлерди калп айтууга мажбурлап жатат деп билдирип, ведомство Сокулуктун тургунун ошол райондогу вирус жуктуруп алган адам тууралуу фейк үчүн кечирим суратышканын айтып берген.

Кийинчерээк бул маалымат чындык экени белгилүү болгон — Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жергиликтүү акимиат обочолонгонун кабарлап, ага аткаминерлердин биринин жубайында инфекция аныкталганы себеп болгонун билдирген.

Абройду түшүрүү

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 79 адамга жетти. Алардын бир бөлүгү жакында эле вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аброюбузду түшүрүп, жалган маалымат берип жатат деп арызданышкан. Аткаминер Оштогу балдар стационарынын врачтары доктурлардын бири жуктурган адамдын үйүндө конокто болгондуктан коронавирус жуктурушканын билдирген. Кеп жумуштан тышкары жүрүп жуктургандарга компенсациялык төлөмдөр берилбей турганында болууда.

Аткаминердин билдирүүсү дарыгерлерди нааразы кылып, алар кесиптешин коргоп чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, ал ооруну жумушта жугузуп алган, анткени ал жумушта коронавируска чалдыккан дааватчылар менен байланышкан. Ал эми оор абалда болгон медкызматкер билдиргендей, ал жетекчилигине вируска текшерилип, карантинге кетиши керектигин айткан, бирок аны укпай коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Коргонуу каражаттарынын начардыгын айткан медикти кечирим суратышты