Коменданттык саатты бузуу. Саймаити менен Саляновдун өлүмүн иликтеген офицер иштен алынды

Керкибаев 2019-жылы Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыкчам кызматкери деп таанылган.

Подполковник Нурлан Керкибаев — бизнесмен Хуфур Абдурахемандын өлүмү (бул ишке мициянын мурдагы кызматкерлеринин тиешеси бар болчу), «Манас» аэропортунда машинанын багажнигинде сөөгү табылган Айэркен Саймаитинин курьери Хусан Керимовдун өлүмү жана депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү сыяктуу чуулгандуу иштерди иликтеген милиционер.

*Айэркен Саймаити — Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн ишкер. Ал Хабибулла Абдукадырдын кол алдында иштегенин жана Абдукадыр Кыргызстан аркылуу ЕАЭБге аткезчиликти кантип ишке ашырганын журналисттерге айтып берген. Аткез кыргыз бажысындагы коррупциялык схеманын жардамы менен өтүп турган жана Саймаитинин айтымында, ал схеманы Райымбек Матраимов түзгөн.

Керкибаев журналисттерге билдиргендей, аны коменданттык саатты бузгандыгы үчүн жана мас абалда болгон дешип ИИМдеги кызматынан бошотушкан. Офицердин айтымында, ал үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам болгон, ал эми иштен алынгандан кийин микроинсульт менен ооруканага жатып калган. Андан тышкары Керкибаевдин эки кесиптеши да кызматтан алынган. Буйрук 19-апрелден тарта күчүнө кирет. Офицерлер бул убакка чейин парламентке, президентке кайрылып, эгер бул да жардам бербесе — сотко кайрылгылары келишет.

«Спирт себинишкен»

Алар үчөө тең 3-апрелде Чүй облусунун Маевка айылындагы кайгуулдан кайтып келатып, Маловидныйга чейин бир жолоочуну жеткирип, кайтып келе жаткан жолдо Сокулукта аларды жол кайгуул кызматы токтотот.

Подполковник Керкибаев аны токтотушкан учурда мас болгонун төгүндөйт. Анын айтымында, ал кесиптештери менен жөтөлүп жаткан кишини үйүнө жеткирип, андан соң алар өздөрүнө антисептик себишкен.

«Ал киши Маловодный айлына баратыптыр. Биз аны ала кетели деп чечтик, анткени эшикте караңгы эле. Жолдо жөтөлүп, чүчкүрүп бараткан. Биз аны үйүнө чейин жеткирип, толук маалыматын жазып алып, ЖКККББнын постуна кеткенбиз. Ал жактан кайра Бишкекке жол тартып, тиги кишинин айынан жолдон спирт аралаш антисептик себинип бардык», — деп айткан ал «Кактуска».

Милиционерлерди мас абалда унаа башкарууга шектешип, текшерүү үчүн наркологияга алып барышкан. Ошол эле учурда аларды видеого тартышып, текшерүү бүткөндөн кийин үйлөрүнө коё беришкен. Эки күн өткөндөн кийин Керкибаев өзү жана кесиптештери жумуштан алынганын, ал эми наркологияда тартылган видео интернетке чыгып кеткенин уккан.

Видеодогу үчөө

Видео активист Болот Ибрагимовдун колуна тиет, андан соң ал автор материалдын толук версиясын жарыялагандан баш тартканын билдирген. Ал убакта ЖМКлар кандайдыр бир толук маалыматсыз мас абалда делип кармалган төрт милиция кызматкери тууралуу жазып чыгарууга үлгүрүшкөн.

Видеонун сапаты анчейин жакшы эмес, ага үн коштоо кошулган, ошондуктан кармалгандар эмне деп атканы так угулбайт. Алардын бирөөсү видеонун авторун түртүп, андан ары чатак уланбай бардыгы спирт ичимдигине тест тапшырышканын көрүүгө болот.

Керикбаев камера көтөргөн киши жол кыймылынын кызматкери эместигин жана видеого тартууга укугу жоктугун айткан.

«Ал ишти жабуу үчүн пара бербей койгону үчүн куру дооматка кабылып жатканын белгилеп, бир катар сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады», — деп жазган «Азаттык». Керкибаевдин айтымында, видеого тартуу буйругун ИИМдин Ички иликтөө кызматынын (ИИК) башчысынын орун басары Конок Өскөнбаев берген.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматынын (ИИК) кызматкери рапортунда биз абдан мас абалда болуп, аларга каршылык кылып, сөгүнүшкөн деп көрсөтүлгөнү абдан өкүнүчтүү. Анткен менен алардын бири да болгон эмес. Мени менен сүйлөшкөндө Эрмек Казыбеков [ИИКтин ыкчам кызматкери] менен Конок Өскөнбаев биз каршылык көрсөтпөгөнүздү тастыкташты. Бирок алар эмне үчүн министр Кашкар Жунушалиевдин атына жазылган рапортторунда мындай жалган көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп бере алышкан жок», — деп билдирген Керикбаев «Кактуска».

Керкибаев «Кактустун» журналисттерине аудио жазмаларды берген жана анын айтуусу боюнча, аудиодо ал Казыбеков жана Өскөнбаев менен сүйлөшкөн. Аудиого караганда, алар кармалган милиционерлер каршылык көрсөтпөгөнүн жана ИИКке карата агрессивдүү болушкан эместигин бышыкташкан.

Подполковник комендант менен ИИМдин башчысына жалган кабар берилгендиктен жумуштан айдалдым деп эсептейт — бирок бул сыяктуу укук бузуулар үчүн укук коргоо органдарынын башка аткаминерлерине сөгүш берилчү.

«Мас болушканы далилденген»

«Клооп» ИИМге кайрылып, расмий комментарий ала алган жок. Журналисттерге комендатурага кайрылууну сунушташты. Бирок ал жактан да эч нерсе айтып бере албай Ички иликтөө кызматына кайрылгыла деп билдиришти.

ИИКтин жетекчисинин орун басары Конок Өскөнбаев «Азаттыкка» «кызматтан алынган офицерлердин кызуу болгону аныкталган» деп билдирген. Ошондой эле ал экс-офицерлерге сотко кайрылууну сунуштаган. ИИМ иликтөө жүрүп жатканын кабарлады.