Токтогулда блок-посттон өтө албай тургундарды ашата сөккөн милиционердин аракети териштирилүүдө

16-апрелде фейсбукта блок-посттон өтө албай, топ балдарды ашата сөккөн милиционердин видеосу тарады. Анда укук коргоо органдарынын кызматкери бир нече балага кайрылып «бул күндөр да өтөт иним, көтүңдү айрыйм, тартмактан тарт нахуй!» деп унаасын көздөй басканын көрүүгө болот.

Мындан сырткары балдардын «колуңдан эмне келет?» деген суроосуна «колумдан сенин көтүңү айрыганга көптөгөн нерселер келет, блядь!» деп жооп бергени угулат.

Тасма жарыялангандан тартып эле фейсбуктун колдонуучуларынын арасында талкууга алынды. Аталган тасма Жалал-Абаддын Токтогул районунда тартылганы айтылып, көпчүлүк колдонуучулар милиционердин сөгүнгөнүн сынга алышкан. Ошондой эле аны мыйзам чегинде жазалоо керек деген пикирлер да болгон.

Милици кызматкерин өткөзбөй коюшту

Милиция кызматкери оозго албаган сөздөр менен сөгүндү. Видеодо көрүнгөндөй айылдын жашоочулары кире беришке пост коюп алышкан.

Posted by DATA_News on Thursday, April 16, 2020

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев тасмадагы милиционер Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендигин «Клоопко» тастыктады. Ошондой эле видеодогу окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Бул милиционер жумушуна бара жатканда айылдын ыктыярчы балдары тосмодон өткөрбөй коюшкандыгы маалым болду. Териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан кошумча маалымат дагы берилет», — деди Жээнтаев.

Басма сөз катчынын маалыматы боюнча, ыктыярчылар айылга кирчү жолду залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү үчүн тосуп алышкан. Бирок Жээнтаев окуя кайсы берене менен катталганын жана кайым айтышуу кайсы айылда орун алганын айта алган жок.