Нарын облусунда коронавирустун алгачкы учуру 29-мартта катталган. Ооруну жуктуруп алган жаран Пакистанга дааватка барып, 15-мартта өлкөгө кайта келген. Нарынга келээрден мурда ал Ош жана Бишкек шаарларына барып келгенге үлгүргөн. Кийинчерээк ал үй-бүлөсү менен кошо дарылануудан баш тарткан. Милиция ага карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.
*Даават — Ислам динини таратуу максатындагы миссионердик ишмердүүлүк.
Ошол күндөн тарта облуста бир жумадан ашуун убакыт коронавирус жуктуруп алгандардын саны бештен ашкан эмес. Бирок 8-апрелден баштап оорулуулардын саны кескин өскөн. Буга байланыштуу 15-апрелден тартып Нарын шаарында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими киргизилген.
20-апрелге карата Нарын облусунда COVID-19дун 68 учуру катталды. Ооругандардын көбү Ат-Башы районунун тургундары болууда.
«Маршруттук баракча боюнча элдин түшүнүгү жок»
Нарын шаарынын тургуну Алмаз Өмүрзаков өзгөчө абал киргизилгени менен көп нерсе өзгөрбөгөнүн айтат. Болгону кечки 9дан таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилди дейт.
«Бизде [өлкө боюнча] өзгөчө кырдаал убагында эле шаардык мэрия, милиция жана башка тиешелүү кызматтар иштеп башташкан. Ошол мезгилде эле өзгөчө абал сыяктуу каттуураак тартип киргизилген. [...] Учурда бийлик атайын байланыш телефон түздү. Ким азык-түлүккө муктаж болсо ошого чалып байланышат. Анан мобилдик топтор да түзүлгөн экен. Алар ошол жеринен көрүп, адамдар чындап муктаж же муктаж эместигин [аныктайт]», — дейт Алмаз.
*1227 кыска номуруна чалып, коомдун социалдык жактан аярлуу топтору керектүү жардам алса болот. Бул номурга чалгандан кийин кайрылуучуга онлайн-билдирме толтурууга шилтеме менен СМС келет. Ал онлайн-билдирмеде жаран өзүнүн жеке маалыматтарын, телефон номурун, киреше булактарын, жаш балдардын санын жана майыптуулугун (эгер болсо) көрсөтүшү керек. Кененирээк бул жактан билсеңиз болот.
Өзгөчө абал киргизилгенден кийин унаалардын кыймылына чектөөлөр салынган. Жарандар болсо бир гана азык-түлүккө, дары-дармекке же ооруканага барса болот. Бирок алардын жанында толтурулган маршруттук баракча болууга тийиш. Анткен менен Өмүрзаковдун айтымында, тургундарга «маршруттук баракчалар» тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок, ошондуктан көбү ансыз деле көчөдө жүрөт.
«Блок-посттор турат, унааларга чектөө коюлган. Бирок жөө басып жүрүшөт. “Эмнеге [чыктың]” десе “банкка, базарга же башка жака жумуш менен” деп жүрүшөт да. Ошол жанагы [маршруттук] баракча боюнча түшүнүк берилсе… Көчөгө чыккандардын саны көбөйүп кетти», — деген пикирде Өмүрзаков.
Нарын шаары эки тоонун ортосунда жайгашкан. Жергиликтүү тургундарга мал кайтарганы же башка иштер менен тоого чыгуу көнүмүш адат. Элдин көпчүлүгү мал-жандык багып тиричилик кылат.
«Эми жакшы жактары, жакшы жак деле дебейм, адамдар бир аз эс алганды үйрөнүп башташты да. Мисалы, тоого чыгып кетишти, ал жакта милиция жүрбөйт да», — дейт Алмаз.
Жер-жемиш сатуучу көчмө жайлар
Өзгөчө абал киргизилгенинен баштап шаардын борбордук базары күндүзгү саат экиге чейин эле иштеп калган. Ал эми элдер чоң базарга азыраак барышы үчүн мэрия «жер-жемиш сатуучу көчмө жайларды» уюштурду. Күндүзү Нарындын ар бир районунда саат экиден алтыга чейин мындай «көчмө жайларды» көрүүгө болот.
Нарындын башка бир тургуну Жолдошбектин айтымында, «көчмө жайлардагы» соодагерлер базардагыларга караганда көбүрөөк киреше табышууда.
«Базарды саат экиге чейин иштетип салды да, анан Нарындын башынан аягына чейин азык-түлүк алып келиш үчүн өтө кыйын болду. Бирок Нарын шаарынын мэриясы жакшы бир система коюп койду: экиге чейин базарда болот, экиден кийин ошол Нарындын ар бир райондорунда соода-сатык жайларын уюштурушту», — деп айтат Жолдошбек.
Анын айтымында, Нарында коронавирустун биринчи учур катталып Кыргызстан боючна өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин эл дүрбөлөңгө түшүп баштаган. Бирок кийинчерээк эл көнүп калды.
«Дүрбөлөң деле болгон жок, анткени буга чейин дароо эле өзгөчө абал киргизилген жок да. Буга чейин [өлкө боюнча] өзгөчө кырдаал болбодубу, ошондо эле көнүп калдык. Элдер аз басып баштады көчөдө. Нарын шаары бир узун көчө да, унаа жок деле азык-түлүккө жөө эле басып жүрө беришет. Көчөгө чыксаң тамак-аш, майда-чүйдөсүн көтөрүп алып беткапчандар деле жүрөт. Бирок арасында тоготпогондор да бар, тоготкондор үйдө отурат», — дейт Жолдошбек.
Жардамга муктаж болгондордун саны көбөйүүдө
Акен Садырбек уулу «Кызыл ай» коомунун ыктыярчылардын бири. Анын айтымында, коом шаардагы 21 үй-бүлөнү тамак-аш менен камсыздады.
«Алар жалгыз бой жашаган карыган кишилер, пенсионерлер жана майыптар. Биз аларга карантин бүткөнгө чейин жумасына эки жолу бекер ысык тамак жеткирип турабыз. Андан сырткары, санэпидемстанция менен биргеликте үйлөрдү, көп кабаттуу үйлөрдү дезинфекция иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдерге дагы жергиликтүү бийлик, мэрия жана дарыгерлер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — дейт Садырбек уулу.
Акендин айтымында, жардамга кайрылгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Бирок жардам берүүчүлөрдүн саны да жетиштүү.
«Азыр “Кызыл айга” кайрылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. [...] Биз жактан колдон келишинче донор жана демөөрчү табып, ошол кайрылган кишилердин тизмесин беребиз. Алар болсо бизге азык-түлүк же акчалай түрдө жардам беришет, биз болсо ошол азык-түлүктөрдү сатып алып муктаждарга беребиз. Ал эми донорлорго биз фото же видео отчёт жиберебиз», — деп түшүндүрдү Садырбек уулу.
«Кызыл айдан» сырткары нарындыктарга «Адеп башаты» кайрымдуулук фонду, Нарындын казыяты жана «Демилгелүү жаштар» коому жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилгенден тарта бир нече депутаттар жана ишкерлер Нарынга гуманитардык жардам жиберишкен.
Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирустун 568 учуру катталган. Ооруга чалдыккандардын жетөөсү каза болду. Ошондой эле 201 адам илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды.