Нарындын тургуну үй-бүлөсү менен коронавирустан дарылануудан баш тартты

Нарын шаарынын тургуну үй-бүлөсү менен кошо коронавирус инфекциясынан дарылануудан баш тарткандыктан милиция ага карата санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Соцтармактарда ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус инфекциясынан дарылануудан баш тартып жатышат деген видеокайрылуу тараган. Ал медицина каражаттарын ичкенде ден соолук оңолбой эле начарлап жатат деп айтып берген», — деп маалымдады ведомство.

Нарын облусунун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана Оорулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери милицияга кайрылгандан кийин укук коргоо органдары сотко чейинки өндүрүш башташкан. Аталган тургун учурда обочодо болгондуктан бардык тергөө амалдары тургун айыгып чыккандан кийин жүргүзүлмөкчү.

Аталган тургун 2019-жылдын ноябрында Пакистанга дааватка чыгып кетип, 2020-жылдын 15-мартында Лахор — Ташкент — Бишкек рейси менен Кыргызстанга кайтып келген. Ал кайтып келгенден кийин андан коронавирус аныкталган.

«Жүрүүлөрдү чектей туруу өтүнүчтөргө карабастан, ал бир нече жолу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган. Аны менен тыгыз байланышта болгон Нарындын дагы үч тургунунда 30-мартта коронавирус тастыкталды», — деп жазды басма сөз кызмат.