Нарын шаары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими киргизилет

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Аталган аймактарга өзгөчө абал тартиби айдын аягына чейин киргизилди.

2020-жылдын 18-мартынан тарта 14-апрелге дейре өлкөдө коронавирус жуктуруунун 430 учуру катталды. Ошол эле маалда Нарын облусунда жуктуруу учурлары бир топ убакытка чейин беш адамдан ашпай турган, бирок 7-апрелден кийин ал жакта абал кескин өзгөргөн. 14-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус жуктурунун 34 учуру катталган, алардын ичинен 19 учур Ат-Башы районунда аныкталган.

Нарын менен Ат-Башы районунун коменданты болуп ИИМдин Нарын ОИИБи боюнча башчысы Уланбек Аалиев дайындалды.

Эгер парламент президенттин жарлыгын жактырса, анда 15-апрелден тарта Нарын облусунда коменданттык саат киргизилет, ошондой эле кирүү жана чыгууга өзгөчө режим, тургундардын үй карантинди сактоосуна кылдат байкоо жүргүзүү, массалык иш-чараларга тыюу киргизилет.

Эреже бузгандар, эгер алар өзгөчө абал киргизилген райондордун тургундары болушпаса ал аймактан чыгарылышат.

Учурда Кыргызстандын аймагында өзгөчө абал тартиби Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, андан тышкары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда киргизилген. Бул өзгөчө абал 15-апрелде аякташы керек болчу, бирок президент аны бүгүн 14-апрелде айдын аягына чейин узартуу жарлыгына кол койду.