Коронавирус жуктуруунун жаңы толкуну жаралса карантин кайрадан киргизилиши ыктымал — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев карантин алынгандан кийин коронавирус жуктуруунун жаңы толкуну пайда болсо бийлик кайрадан чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин айтты.

Үсөнбаев кабарлагандай, карантин — коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча «жакшы натыйжа берүүчү радикалдык ыкмалардын бири».

«Чөйрөлөрдү бөлүү жана социалдык аралыкты сактоо инфекциянын жаңы учурларын алдын алууга жана кырдаалды көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок карантин алынгандан кийин кайрадан жаңы толун жаралса жана ал массалык мүнөзгө ээ болсо, анда чектөө чараларын киргизүү талапка ылайык болот», — деди ал.

Анын айтымында, учурда «эпидемиялык абал катуу көзөмөлдө, ошондуктан жаңы карантин тууралуу сөз кылуу эртерээк».

Өлкөнүн коронавирус эң көп катталган аймактарына 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Ал эми бардык аймактарда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 695ке жетти — анын 183ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 395 адам айыкты, коронавирус жуктурган сегиз бейтап көз жумду.