ӨА режиминин жеңилдиктерин кайра карап чыгуу керек — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-майда бирифингде ӨА режимин жеңилдетүү адамдардын бирин-бири менен байланышка көп бара баштаганына алып келгенин билдирди. Бул коронавирус инфекциясын жуктуруу учурларын көбөйтүшү мүмкүн.

«Учурда ӨА режими жеңилдетилди. Мен бул чечимди кайра карап чыгуу керек деп ойлойм, себеп дегенде бир аз эле жеңилдетүүдө көптөгөн жарандар көчөгө чыгып, өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуп жатышат. [...] Байланыштардын санын азайтып, аралыкты сактоо керек. Эгер сакталбаса, анда кайрадан көзөмөл киргизүүгө туура келет», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абал турукташып калды. «Эң башынан эле ооруга чалдыгуунун жогору болуп кетишинен кутула алдык. Эпидемиологиялык ийри сызык токтоп турат, саны акыркы күндөрү 30дан ашкан жок. Бул тенденция жакынкы күндөрү сакталат жана биз абал турукташканга чейин жуктуруу учурларынын акырындап азайышына жетишибиз керек», — деп билдирди ал.

Ошондой эле ал кырдаалды көзөмөлдө кармоого мүмкүн болуп атканын айтты, анткени жуктургандардын бардыгы — бул байланышкан адамдар.

«Биз байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктап, андан кийин алардын үстүнөн лабораториялык изилдөө жүрөт, карайбыз, үй карантинине жайгаштырабыз. Алардын ичинен жаңы учурларды издейбиз. Бул жагдай көзөмөлдүү, ошондуктан оору жуктуруу көп болуп кетип аткан жок», — деди ал.

Бирок ал эгер жарандар обочолонуу режимин сакташпаса, абал начарлап кетет деп эсептейт.

«Учурда кыймыл көп болуп, калк арасында байланыш күчөп атканы байкалууда. Биз байланышты кескин азайтышыбыз керектигин эскертким келет. Муну туура түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн ар бир адам өз ден соолугун гана карабастан, тегеректе коом бар экенин, тегеректе эл бар дегендей, бардыгыбыз бир өңчөй тартип сактаганыбыз оң. Эгерде тартип бузгандар, жалпы тартипке көнбөгөн учурлар көбөйүп кете турган болсо, кайрадан чектөө киргизгенге туура келип калат», — деди Үсөнбаев.

Бийлик 1-майдан тарта жеңилдиктерди киргизе баштаган. Алар экономикалык ишмердикти этап-этап менен жандантуунун планын даярдап, ишке кире турган компаниялар үчүн катаал эпидемиялык эрежелерди жазып чыккан. Бирок Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 4-майда такси кызматтары жана чач тарачтар санитардык эрежелерди сактабай жаткан айткан.

5-майга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 843 учуру катталды, алардын ичинен 11 адам каза тапкан. Ошондой эле 600 адам айыкты деп эсептелинет.