Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: КТРК

«Клооптун» редакциясына Ош облусунун Араван районунда топ бала бир кишини сабап, аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, унаанын багажына салып кордоп жатканы тартылган тасма жөнөтүштү.

Видеодо ур-токмокко алгандар жабырлануучудан Чек-Абад айылына кандай максатта келгенин, анда жашаган келинди эмнеге унаасына салып жүргөнүн сурашкан. Сабалган киши аталган аял ооруканага алып барып келүүнү суранганын айткан.

Киши бир топ убакытка суракка алынган жана аны күйөөсү Орусияда иштеп жаткан келин менен жыныстык мамиледе болгондугуна айыпташкан. Бирок жабырлануучу ага тагылган күнөөлөрдү четке каккан.

«Көчөңүзгө кирүүгө корком дедим. Ушул жерден эле түшүңүз дедим. Кийин көчөңүздө эч ким жокпу деп сурадым. Ушул жерде турушуңарды билем аке, тааныдым аке. Мени деле тааныйсыздар, акемди деле тааныйсыздар», — деп түшүндүрүүгө аракет кылган жабырлануучу.

Сабагандар ал дагы бир жолу алар жашаган айылга келе турган болсо «жыныстык мүчөсүн кесип жиберүү жана өлүм менен коркутушкан». Жабырлануучу көзүнө жаш алып кечирим сураган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев окуя 2-майда болгонун билдирди. Анын айтымында, ошол эле күнү жабырлануучу Араван РИИБине келип арыз жазган. Буга байланыштуу төрт киши кармалып учурда сурак беришүүдө.

«Бала такси кылып келинди жеткиргени барса, келиндин аяштары сен эмнеге муну алып жүрөсүң деп, күнөөлөп уруптур да. Жабырлануучунун эч кандай жаман ою жок болгон экен. Тартылган видео да ишке тиркелиптир», — деди Аширбаев.

Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдө. Аширбаев анын абалы «жакшы» болгонун, бирок денесинде көк-ала тактар бар экенин белгиледи.

Аталган окуя «Бейбаштык» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталды.

Биринчи эле окуя эмес

Эки жыл мурун Ош облусунун Ноокат районунда жигит тааныш кызын коңшу айылга жеткирип барат. Буга күбө болгон кыздын айылдаштары анын бутун жип менен байлап, ал эми баланы токмоктоп коюшат. Алар кызды буту байланган абалда бүткүл айылды аралай сүйрөйбүз деп коркутушат.

Андан кийин балдар 17 жаштагы кызды үйүнө алып барышкан. Алар эгерде жабырлануучу болуп өткөн окуяны милицияга айтчу болсо, анда «аны жылаңачтап, электр мамысына байлаган бойдон видеого тартышаарын», андан соң видеону YouTubeга жүктөп салышаарын айтышат.

Бул окуя тууралуу кыздын башка бир тааныш агасы Ахмадулло Абдыкадыров билип калып, анын ал-абалынан кабар алганы айылга келгенде жабырлануучунун айылдаштары кайра чогулушат. Анан капыстан топтолгондордун бирөөсү Абдыкадыровду башына таш менен чабат. Ал алган жараатынан улам ооруканада көз жумат.

Аталган окуяга байланыштуу милиция аталган окуянын негизинде «Бейбаштык» жана «Денеге оор жаракат келтирүү аркылууу өлүмгө жеткирүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Баары болуп 15 киши кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өмүр бою камакка кессин же өлүм жазасына тартсын». Ноокатта ур-токмоктон каза болгон тургундун жакындары митингге чыгышты

«Жылаңачтап чечинтип, видеого тартабыз». 17 жаштагы кыз кантип жоготуу күйүтүнө жана шылдың ызасына туш болду?