«Өмүр бою камакка кессин же өлүм жазасына тартсын». Ноокатта ур-токмоктон каза болгон тургундун жакындары митингге чыгышты

Ушул жылдын 30-мартында Ноокаттын Бостон айылынын тургуну Ахмадулло Абдыкадыровду өз айылдаштары сабап кетишкен. Оор жаракат алган 31 жаштагы Ахмадулло 5-апрель күнү ооруканада каза тапкан.

Анын сабалышына «аке-карындаштык» мамиледе болгон, бирок тууганчылык байланышы жок 17 жаштагы Шохсана (ысымы өзгөртүлдү) аттуу кызга болушканы себеп болгон. Анда Шохсана кошуна турган Гүлистан айылынан келген «тааныш айдоочунун» таксисине олтуруп, базарга бараткан. Муну көргөн Шохсананын айылдаш балдары «башка айылдын балдары менен сүйлөшпө» деп кыздын колу-бутун байлап, ал эми гүлистандык айдоочуну токмоктоп коюшат. Бул окуядан кабардар болгон Ахмадулло «тартипке салган» балдар менен териштирүү үчүн барганда, аны да сабап кетишкен.

Милиция шектүү катары 20-26 жаш курактагы 14 тургунду камакка алып, «бейбаштык», «атайылап денеге залал келтирүү», «кылмышты жаап-жашыруу» жана «мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда 14 кишинин 11и үй камагына бошотулуп, үчөө камакта болсо, дагы бир шектүү издөөдө. Ал эми камакта отурган үч шектүүнүн соту 16-октябрга белгиленген.

Митингге чыккандар сотко нааразы

Ал арада 11-октябрь күнү маркумдун 30 чакты тууганы Ноокат райондук маданият үйүнүн алдына нааразычылык митингине чыгышты. Алар Абдыкадыровдун өлүмүнө шектүүлөрдүн жазасы «жеңилдетилип атканына» нааразыбыз дешет.

«Шектүүлөрдүн үчөөсү камалып, калган баары сыртта жүрөт. Аларды камабай жатышат. Биз Ноокат райондук сотуна нааразыбыз», — деди маркумдун тай акеси Махмадюсуп Аскаров.

Топтолгондор «Ноокат райондук сотунан акыйкат суранабыз», «Кылмышкерлер мыйзам чегинде өз жазаларын алышсын», «Айылдагы бейбаштарга жол берилбесин» деген плакаттарды көтөрүп турушат. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу/Kloop.kg

Маркумдун апасы Халима Абдыкадырова үй камагына чыккан балдар кечирим сурап келишпегенин айтат.

«Сот болуп атат, бирок натыйжасы акыйкат болбой атат. Кармалган балдардын үчөө эле камакта жатат. Болуп жаткан сотко, Ноокат райондук сотунун судьясы Бахтияр Матраимовго нааразымын. Менин үч ымыркайым жетим, келиним жаш калды. Соттон шектүүлөрдү өмүр бою камакка кесип же өлүм жазасына тартуусун суранам», — деди Абдыкадырова.

Ноокат райондук сотунун бөлүм башчысы Баялы Пратов нааразычылык митинги тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, «судья Бахтыяр Матраимов эмгек өргүүдө, 16-октябрь күнү боло турган соттон кеңири маалыматты алсаңар болот» деп жооп берди.

Үй камагына чыкты делген шектүүлөрдүн жактоочусунун бири Мыскал Икрамованын «Клоопко» айтымында, «эркиндикте» делген балдар мыйзамдуу түрдө үй камагына чыгарылган.

«Жабырлануучу тарапты түшүнөм, баласы каза тапты. Алардан тосмо арыздар алынган, сот тосмо арыздарды да карап үй камагына чыгарган. Учурда үй камагына чыгарылган балдар эч кандай тоскоолдуксуз, тергөөгө өз убагында келип жатышат. Азыр соттук териштирүүлөр жүрүүдө, сот акыркы чечимин чыгара элек», — деди Мыскал Икрамова.

Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева